Болот Темиров: «Соттор Ташиев менен Жапаровдун күчүгү экен»

  • 1 год мурун

Кыргызстандын жарандыгынан ажыратылып, Орусияга депортацияланган иликтөөчү журналист Болот Темиров Бишкек шаардык сотунун өзүн өлкөдөн чыгаруу тууралуу чечимин өч алуу деп бааларын билдирди. Бул тууралуу ал «Азаттык» радиосуна берген маегинде айтты.

«Бул өчөшкөнү деп баалап жатам. Мен сот системасы эрдик көрсөтүп, тарыхый чечим чыгарат десем, соттор Ташиев (Камчыбек Ташиев — ред.), Жапаровдун (Садыр Жапаров — ред.) күчүгү экен. [Шаардык соттун чечимин] аппеляцияга беребиз. Мыйзам жолунда буларды жоопко тартканга аракет кылабыз. Жогорку соттон өтөбүз, эл аралык сотко беребиз», — деди Темиров.

Анын айтымында, Орусияга аны Ички иштер министрлигинин Терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери коштоп барган. Чек арадан аны эч кандай документи жок өткөрүшкөнүн билдирди.

Учурда Болот Темиров Москвада жакындарынын жанында.

23-ноябрда Бишкек шаардык соту иликтөөчү журналист Болот Темировдун ишин карады. Сот Болот Темировду өлкөдөн чыгаруу чечимин кабыл алды.

Өкүм жарыялангандан кийин дароо Болот Темиров кармалып, коштоо менен сот залынан чыгарылды.

Болот Темировдун жактоочулары соттук коллегиядан Бишкектин Свердлов райондук сотунун өкүмүн өзгөртүүнү жана алардын кардарын кылмыштын курамы жок деп толук актап берүүнү өтүнүшкөн эле.

Прокурор соттук коллегиядан Темировду ага тагылган Кылмыш-жаза кодексинин беренелери боюнча күнөөлүү деп табууну өтүндү. Ошондой эле соттолуучуга карата өлкөдөн чыгаруу беренесин колдонуу, анткени айыптоочунун айтымында, ал Кыргызстандын жараны эмес.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты