“ЖМК жөнүндө” мыйзам долбоору парламент комитетинин күн тартибинен алынды

  • 6 месяцев мурун

Бүгүн, 22-январда “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин кароосуна коюлду.

Депутат Акылбек Түмөнбаев мыйзам долбоорун күн тартибинен алып салууну сунуштады. «Бул мыйзам чынында жаңыланышы керек. Дагы көп толуктоолорду киргизүү зарыл. Бүгүн жооптуу министр (ред. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов), акыйкатчы (ред. Жамиля Жаманбаева) келбептир. Министр өзү келип, баяндамасын жасасын. Күн тартибинен алып, кийинки аптада карайлы», — деди Акылбек Түмөнбаев.

Депутаттар Акылбек Түмөнбаевдин сунушун колдошту.

Жогорку Кеңештин сайтында Министрлер кабинети тарабынан жөнөтүлгөн «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоору жарыяланды. Мыйзам долбоорунун жарыялоо убактысы 2023-жылдын 15-декабры деп көрсөтүлгөн.  Мыйзам долбооруна регулятивдик таасир анализи (АРВ) жана жумушчу топтун айрым мүчөлөрүнүн өзгөчө пикирлери берилген.  

Ошону менен бирге эле Медиа Полиси Институту «ЖМК жөнүндө» мыйзам долбоору президент Садыр Жапаровдун 2022-жылдын 7-декабрындагы медиасектордон кирген жумушчу топтун пикирлерин эске албай түзүлгөндүгүн жана Кыргызстандагы сөз эркиндигине олуттуу залакасын тийгизээрин белгиледи.  

Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Конституциясына, жарандык жана саясий укуктардын эл аралык пактына каршы келет. Мыйзам долбоорунда ыйгарым укуктуу органдар – маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, юстиция министрлигинин пикирлери эске алынбай калган деп белгилеп, Медиа Поличи Институту мындай негизги алешемдиктерди атаган:  

Мыйзам долбоору кабыл алынып калган учурда, мамлекеттик органдар каалаган ЖМКны каттоодон өткөрүп, каалабагандарын өткөрбөй коюуга толук эркиндик алмакчы.  Ал эми каттоодон өткөн ЖМКны олуттуу укуктук негиздери жок жаап коюуга мүмкүндүк болот.  

1. Мыйзам долбоору боюнча ЖМКга кирбеген веб-сайттар да каттоодон өтө турган болуп калат.  Веб-сайттардын сөзсүз каттоодон өтүшү тууралуу ченем бул ЖМКнын эркиндигине доо кетирет.

2. ЖМКнын ишмердигин  негизсиз токтотуп коюуга жол ачылат.  

3. ЖМКнын чарбалык иштерине негизсиз кийлигишүү чаралары ишке ашат.

4. Журналисттерди аккредитациялоо концепциясынын түшүнүгү өзгөртүлөт.

5. Журналисттердин кесиптик ишмердүүлүгүн жүргүзүү укугу чектелет

6. Кыргызстанда чет элдиктердин ЖМКга катышуусу чектелет

7. Тыюу салуу ченемдерине шылтоолор көбөйөт

Буга чейин президенттик администрациянын алдында ЖМК тууралуу мыйзам долбоорун жеткире иштеп чыгуу боюнча көз карандысыз юристтерден, медиа жана президенттик администрация өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлгөн.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты