«ЖМКлар жөнүндөгү» мыйзамды иштеп чыгуучу жумушчу топ түзүлөт

  • 1 год мурун

Бүгүн, 15-ноябрда, Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жана «Адилет» Укуктук клиникасы Кыргызстан медиасынын аракеттер Платформасы менен биргеликте «Сөз эркиндиги жана пикир айтуу эркиндиги: мыйзам түрүндөгу демилгелер» деген аталыштагы тегерек стол уюштурду.

Тегерек столго Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, депутаттар, президенттик администрациянын жана ЖМКнын өкүлдөрү катышты.

Анда президенттик администрациянын өкүлдөрү ЖМКлар жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгуу үчүн 20 медиа тармагынын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүүнү убада кылышты. Бул документ аягына чыккандан кийин администрация тарабынан Венеция комиссиясына экспертизага жөнөтүлө турганын айтышты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты