ЖКнын экс-депутаты Жаныбек Бакчиевдин камактагы мөөнөтү узартылды

  • 7 месяцев мурун

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жаныбек Бакчиевдин камактагы мөөнөтү узартылганын Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы билдирди.

«2023-жылдын 19-декабрында сот УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчүн канааттандырып, камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасынын мөөнөтү тергөө аяктаганга чейин узартылган. 2024-жылдын 23-февралына чейин УКМКнын СИЗОсунда камакта», — деп айтылат билдирүүдө.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 25-октябрдагы чечими менен Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жаныбек Бакчиев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагына камакка алынган эле. Жаныбек Бакчиев КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси “Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо” боюнча айыпталууда.

Жаныбек Бакчиев Жогорку Кеңеште “Бир бол” фракциясынан депутат болгон. Мамлекеттик каттоо кызматын эки жолу башкарган, 2009-жылы жана экинчи жолу 2011-жылдын январь айынан 2011-жылдын декабрына чейин

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты