ЖК комитети мугалимдерди мазактагандарды жазага тартуу каралган мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 30-майдагы отурумунда “Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда колдоо тапты.

Мыйзам долбоорунун авторлору – Жогорку Кеңештин депутаттары Аманкан Кенжебаев жана Мирлан Самыйкожо.

Жыйында баяндама жасаган депутат Мирлан Самыйкожо аталган мыйзам долбоору педагогикалык кызматкерлерди мазактап, жаман сөз айкандарга, кордоп тийишкендерге карата жоопкерчилик белгилөө максатында иштелип чыкканын билдирди.

Ага ылайык, мугалимдин кесиптик ишине тоскоолдук кылып, мугалимге орой мамиле (мазактоо, жаман сөздөр, адепсиз жаңсоолорду көрсөтүү ж.б.) жасаган окуучунун ата-энесине же мыйзамдуу өкүлүнө 3 миң сом айып пул салынат. Мындай жорук бир жыл ичинде дагы кайталанса чоңдорго 5 миң сом айып пул салынат же аларга карата 3-5 күндүк административдик камак чарасы көрүлөт. Ал эми окуучуларга 4 миң сомдук айып пул салынат.

Жыйын учурунда депутат Ырысбек Атажанов айыл пулдун өлчөмүн кайрадан карап чыгып, жогорулатуу зарылчылыгын белгиледи.

Өткөн жумада социалдык тармактарда мугалим окуучуну сабап жаткан видео тараган. Териштирүүнүн жүрүшүндө окуя 23-майда Сузак районунун Сафаровка айылында жайгашкан Жоомарт Бөкөнбаев атындагы окуу-тарбиялык комплексинде болгону аныкталган. Окуучуну сабап жаткан информатика мугалими Э.М., кыз 7-класстын окуучусу Д,Х. болгон.

Териштирүүдөн кийин окуучуга кол көтөргөн мугалим иштен алынып, бирок кийин кайра орношкону айтылган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты