«Тарбиялык мааниде уруп жиберген». Милиция Сузактагы окуя тууралуу маалымат берди
- 2 года мурун
Жалал-Абад облустук милициясы социалдык тармактарда тарап жаткан мугалимдин окуучуга кол көтөргөн видеосу боюнча маалымат берди.
Ага ылайык, териштирүүнүн жүрүшүндө окуя 23-майда Сузак районунун Сафаровка айылында жайгашкан Жоомарт Бөкөнбаев атындагы окуу-тарбиялык комплексинде болгону аныкталган. Окуучуну сабап жаткан информатика мугалими Э.М., кыз 7-класстын окуучусу Д,Х. болгон.
Мугалим сурак берген учурда сабак учурунда Д.Х. менен ошол класста окуган кызы К.А. сөз талашып, айтыша кетишкенин, аларга эскертүү берген учурда Д.Х. орой мамиле кылгандыктан ачууга алдырып, «тарбиялык мааниде» уруп жибергенин айткан.
“Белгилеп кетүүчү жагдай, айрым социалдык баракчаларда бул видеонун толук варианты берилбей, мугалимдин окуучуну уруп жаткан жери эле кыркылып көрсөтүлүп калган. Текшерүүнүн жүрүшүндө толук видеосу алынып, анда мугалим окуучуга кол көтөргөнгө чейин, окуучу мугалимге акараат кылып, аны менен кайым айтышып кол көтөрүүгө себеп болгондугу такталган”, — деп айтылат милиция тараткан маалыматта.
Аталган факты боюнча толук жана объективдүү текшерүү максатында, атайын соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Азыркы мезгилде иштин жагдайы боюнча окуу жайдагы мугалим жана мектеп окуучулары суралып, алдын ала сотко чейинки териштирүү иштери жүрүп жатат.