ЖК депуттарын шайлоо мыйзамына өзгөртүү киргизүү боюнча парламенттик угуу өтөт

  • 1 год мурун

Президентти жана Жогорку Кеңеш (ЖК) депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүү мыйзам долбоору  боюнча парламенттик угуу эртең, 4-апрелде өтөт.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтында маалымдалды.

Иш-чара Жогорку Кеңештин жыйындар залында 10:00дө болот. Аны Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети уюштурат.

Мыйзам долбоору депутаттар Н. Тургунбек уулу, Н.Сыдыгалиев, А.Түмөнбаев, К. Сулайманов, М. Маматалиев, У.Примов, Д.Төлөнов, Ж.Салымбеков, Ч.Ажибаев, С. Рустамбек уулу, Ж. Нышанов тарабынан демилгеленген.

Парламенттик угууга катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, жарандар жана алардын бирикмелери, ошондой эле мамлекеттик органдардын өкүлдөрү чакырылат.

20-мартта Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда кызуу талкууга алынууда. Мыйзам демилгечилеринин бири Улан Примов баяндама жасады. 

Иллюстрациялык сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты