Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого 39 партия 5119 талапкер көрсөттү

  • 16 часов мурун

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарына партиялар тарабынан шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү аяктады.

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК)  билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 39 саясий партия 33 шаардык кеңештин депутаттыгына 188талапкердин тизмесин көрсөттү. Жалпысынан 188 талапкерлердин тизмесинде бардыгы болуп 993мандат үчүн шаардык кеңештин депутаттыгына 5119 талапкер көрсөтүлгөн, анын ичинен 3281 — эркек, 1838 — аял, бул 35,91% түзөт.

Эң көп – 9 партия Кант, Кара-Балта, Токтогул жана Базар-Коргон шаарларында катышууда;

Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо шайлоо күнүнө 30 календардык күн калганда, 2024-жылдын 18-октябрына чейин аяктайт.

Бишкек жана Ош шаарларынын, ошондой эле Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалсын деген жарлык кабыл алынды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты