Жергиликтүү кеңештерге шайлоо: Аралыктан добуш бере тургандарды каттоо жүрүп жатат

  • 3 дня мурун

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш бере тургандарды каттоо жүрүп жатат.  

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) билдирди.

Маалыматта айтылгандай, БШК аралыктан добуш бере тургандар үчүн 10 шайлоо участкасын түздү. Ош, Баткен, Жалал-Абад, Каракол, Нарын, Таласта бирден участок жана Бишкекте төрт участок түзүлдү.

Аралыктан добуш бере тургандар үчүн Бишкекте: Ленин районунда – КМУУнун имараты (Фрунзе көчөсү, 547);

Октябрь районунда — мамлекеттик акимчиликтин «Таберик» балдар музыкалык мектебинин залында (Байтик Баатыр көчөсү, 17);

Биринчи май районунда — Баялинов атындагы республикалык балдар жана өспүрүмдөр китепканасынын имараты (Огонбаев, көчөсү 242);

Свердлов районунда — Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын имаратында ( Абдрахманов, көчөсү 167);

Ошто – Масалиев көчөсү №37, Навои атындагы орто мектептин имаратында;

Баткенде — Ж.Момунов көчөсү №16, Бөкөнбаев атындагы орто мектептин имараты;

Жалал-Абад – Байзаков көчөсү №25, Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин имараты;

Каракол – Абдрахманов көчөсү №130, К. Тыныстанов атындагы мамлекеттик университтетин имараты;

Нарын – Ленин көчөсү №76, президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн имараты;

Талас: Чынгыз Айтматов көчөсү №353, А. Токтогулов атындагы облустук китепкананын имараты.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүү ыкмасы да колдонулат.

Аралыктан добуш берүүгө катышуу үчүн шайлоочулар 2024-жылдын 1-ноябрына чейин арыз бериши керек.

Бишкек жана Ош шаарларынын, ошондой эле Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалсын деген жарлык кабыл алынды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты