“Жер титирөө учурунда асманда адаттан тыш жарыктар көрүнгөн”. Интернет айдыңында тарап жаткан видеону текшеребиз

22-февралда Азамат Рыскулиев аттуу Твиттер колдонуучусу “Түркиядагы жер титирөө алдында асманда адаттан тыш жарыктар байкалган” деген билдирүүнү бөлүшкөн. 

“ПолитКлиника” медиасы интернетте тарап жаткан видеону текшерип көрдү. 

Түркия жана Сириядагы зилзала

6-февралда Түркия жана Сириянын аймагында күчү 7,7 жана 7,8 баллга жеткен жер титирөө катталды. Андан 50 миңден ашуун адам каза болуп, он миңдеген киши жаракат алды.

“Жер титирөө учурунда асманда адаттан тыш жарыктар көрүнгөн”. Интернет айдыңында тарап жаткан видеону текшеребиз

Түркиянын табигый кырсыктарды башкаруу боюнча агенттиги AFAD билдиргендей, күчү 7,4 баллга жеткен жер титирөөнүн очогу Түркиянын Сирия менен чек арага жакын жайгашкан Кахраманмараш провинциясы болгон. 

Андан соң Адана, Анкара, Анталья, Газиантеп, Кайсери, Мерсин, Трабзон, Урфада, ошондой эле Сирияда жана Ливанда болгон.

20-февралда Түркиянын түштүк-чыгышындагы Сирия менен чектеш аймагында кайрадан жер титиреген. Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн күчү 6,3 баллга жетип, зилзала жергиликтүү убакыт менен саат 20:00 чамасында Хатай провинциясынын Узунбаг районунда 10 чакырым тереңдикте болгон. 

Жер титирөө алдындагы жарыктар эмнеден улам пайда болот?

Америкалык сейсмологиялык ассоциациянын маалыматы боюнча, жер титирөөдөн мурда асманда пайда болгон кубулуш триболюминесценция деп аталат. Бул кубулуш 1600-жылдардан бери байкалып келет. Англис тилинде жарык “earthquake lights” же EQL деп аталат. Кыргыз тилине которгондо “жер титирөө жарыгы” дегенди билдирет

Мексиканын Улуттук автономиялык университетинин геофизика институтунан Хуан Эстебан Эрнандес Кинтеро жер титирөө жарыгынын эки түшүндүрмөсүн айткан.

Биринчиси, жер титирөө учурунда термелүүдөн трансформаторлордо же электр кабелдеринде кыска туташуулар пайда болуп, өрт чыгат.

Экинчиси, жер ичинде электрдик заряддар бар деп болжолдонууда. Анын айтымында, бул жарыктар жер титирөө тууралуу кабар берүүчү кубулуш деп айткандар бар, бирок бул далилдене элек.

Ал эми НАСАнын илимий кызматкери Фридеманн Фейнд 2014-жылы National Geographic басылмасына берген маегинде тоо тектердин айрым түрлөрү терс заряддуу кычкылтек атомдорунун бууларын жок кылып, абада электрдик разряддарды жаратышы мүмкүн экенин түшүндүргөн. 

2017-жылы Мексикада күчү 8,1 баллга жеткен жер титирөө болгондо, социалдык тармактарда асмандагы жарыктардын сүрөттөрү жарыяланган.

Кырсык учурунда чындыкка дал келбеген маалыматтар көп чыгат

Буга чейин да социалдык тармактарда жана орусиялык ЖМКларда “Жер титирөөнүн себеби АКШ жана НАТО колдонгон сейсмикалык куралдар болушу мүмкүн” деген маалыматтар тараган. “ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип, анын чындыкка дал келбей турганын аныктаган. Социалдык тармакта тараган видеодо Түркиядагы жер титирөөдөн мурда катуу чагылган болгону айтылган. Бул видео 2022-жылы интернетке чыккан жана Түркиядагы азыркы абалга тиешеси жок экени дагы такталган.

Жыйынтык: Жер титирөөнүн алдында жарыктардын болушу табигый көрүнүш. Буга чейин дагы мындай кубулуштар болуп келген. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты