Түркиядагы жер титирөөнү АКШ жасалма жол менен жасады деген маалымат калп

6-февралда Түркия жана Сириянын аймагында күчү 7,8 баллга жеткен жер титирөө катталды. Андан 32 миңге жакын адам каза болуп, он миңдеген киши жаракат алды. Социалдык тармактарда жана орусиялык ЖМКларда “Жер титирөөнүн себеби АКШ жана НАТО колдонгон сейсмикалык куралдар болушу мүмкүн” деген маалыматтар тарап жатат. 

“ПолитКлиника” медиасы “жер титирөө жасалма жол менен жасалды” деген маалыматты текшерип көрдү.

30 миңден ашуун адамдын өмүрүн алган жер титирөө

CNN TÜRK басылмасынын маалыматына ылайык, 13-февралга карата жер титирөөдөн каза болгондордун саны 31 миң 643 адамга жетти. 

Түркиянын табигый кырсыктарды башкаруу боюнча агенттиги AFAD билдиргендей, күчү 7,4 баллга жеткен жер титирөөнүн очогу Түркиянын Сирия менен чек арага жакын жайгашкан Кахраманмараш провинциясы болгон. 

Андан соң Адана, Анкара, Анталья, Газиантеп, Кайсери, Мерсин, Трабзон, Урфада, ошондой эле Сирияда жана Ливанда болгон.  

Түркиядагы жер титирөөнү АКШ жасалма жол менен жасады деген маалымат калп

AFAD маалыматына ылайык, 2020-жылы Түркияда 33 824 жер титирөө катталган. Бир жыл мурунку маалыматтарга салыштырмалуу жер титирөөлөрдүн саны 44 пайызга өскөн.

АКШнын Геология кызматы Түркиядагы жер титирөөнү өлкөдөгү акыркы 100 жылдагы эң күчтүү жер титирөөнүн бири деп атады. Бул 1939-жылы Түркиянын чыгышында 30 миңден ашуун адамдын өмүрүн алган 7,8 баллдык жер титирөө менен салыштырылып жатат

Жер титирөөнү илимий жактан жасоого болобу

Түркиядагы он миңдеген адамдын өлүмүнө себеп болгон жер титирөөнү АКШнын чалгындоо кызматы жасаганы тууралуу билдирүүлөр алгач орусиялык ЖМКларда чыга баштаган.

Түркиядагы жер титирөөнү АКШ жасалма жол менен жасады деген маалымат калп

Анда АКШ HAARP (Уюл жарыктарын изилдөө) программасынын алкагында жер титирөөнү атайын жасаганы жана бул АКШнын дүйнөгө болгон үстөмдүгүн күчөтүү үчүн жасалган кадам экени жазылган. 

Жогорку жыштыктагы активдүү  изилдөө программасы катары белгилүү болгон HAARP АКШнын Аляска штатындагы илимий долбоор. HAARP программасына болгон сын-пикир аталган долбоор уюл жарыктарын изилдөө менен бирге  аба-ырайын өзгөртүүгө, жер титирөөлөрдү жаратууга жөндөмдүү деген кооптонуулардан улам пайда болгон. Бирок илимий жактан бул теориялардын көпчүлүгү далилденген эмес.

Колорадо университетинин Атмосфералык жана космостук физика лабораториясынын (LASP) изилдөөчүсү Дэвид Маласпина  Reuters агенттигине берген маегинде радиотолкундар аркылуу жасалма жер титирөө жасоого болорун билдирген. Бирок радиотолкундар өтө терең болбойт.

Окумуштуулардын билдирүүсүнө ылайык, адамдын колу менен жасалган жер титирөөлөр эң терең дегенде 7 кмга чейин жетип, 3.5-4 баллды түзөт. 

Ал эми Түркиядагы жана Сириядагы жер титирөө болжол менен 18 км тереңдикте болгон.

Башкача айтканда, мындай чоң жер титирөөнү жасалма жол менен жаратуу илимий жактан мүмкүн эмес. 

Интернетке тараган видео жана чагылган 

Фейсбук социалдык тармагына тараган видеодо Түркиядагы жер титирөөдөн мурда катуу чагылган болгону айтылган.  

Түркиядагы жер титирөөнү АКШ жасалма жол менен жасады деген маалымат калп

Бирок аталган видео 2022-жылы интернетке чыккан жана Түркиядагы азыркы абалга тиешеси жок. 

Ал эми социалдык тармакта таратылып жаткан экинчи видеодо дагы жер титирөөдөн мурда чагылган болгону жана бул АКШнын жасалма жер титирөөнү жасоого катышы бар экенинин далили экени айтылган.

Түркиядагы жер титирөөнү АКШ жасалма жол менен жасады деген маалымат калп

Бул видеодо Орусиянын Мамлекеттик Думасынын мурдагы депутаты Владимир Жириновскийдин үнү колдонулган. Башкача айтканда, бул видеонун Түркиядагы зилзалага таптакыр тиешеси жок.

АКШнын USGS илимий изилдөөлөр уюмунун билдирүүсүнө ылайык, чоң зилзала учурунда жана ага чейин аба-ырайында өзгөрүү болуп, чагылгандардын болуусу мүмкүн. Бул ошол аймактагы электр линиясынын титирөөлөрүнөн жана себептик бузулуулардан улам болуусу табигый көрүнүш. 

Манипуляциянын “Күнөөкөр табуу” техникасы колдонулган 

Түркия жана Сириядагы миңдеген адамдын өмүрүн алган зилзалада өзгөчө орусиялык сайттар “Жер титирөөнү АКШ жасады” деген видеону байма-бай бөлүшүшкөн. 

Белгилүү болгондой, АКШ жана Орусия геосаясий маселелер боюнча бири-бирин каралаган материалдарды байма-бай бөлүшүшөт. 

Зилзала боюнча АКШга айтылган айыптоолорду анализдеп көргөндө манипуляциянын “Күнөөкөр табуу” (Козел отпущения)  деген түрү колдонулган.

Жыйынтык: Түркиядагы масштабдуу зилзала АКШ тарабынан жасалма жол менен жасалды деген маалымат чындыкка дал келбейт. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты