Жер тилкесине байланыштуу пара опузалоо фактысы аныкталды

  • 3 дня мурун

Чүй облусунун Аламүдүн районунун жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын кызматкери опузалап пара талап кылууга шектелип кармалды.

Бул тууралуу ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы кабарлады.  

Буга чейин ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына Чүй облусунун тургуну коррупциялык мүнөздөгү укук бузуулар үчүн чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Анда жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын биринин кызматкери облустун тургунунан жер тилкесине болгон укукту күбөлөндүргөн документти даярдоо үчүн акча каражатын опузалаганы маалым болгон.

Топтолгон материалдардын негизинде ИИМдин тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (пара талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Каттоо тармагынын кызматкери бир нече айдан бери пара катары акча каражатын талап кылып жатканы аныкталган. Андан тышкары, ал арыз ээсинин башка мүлкүнө кызыга баштаган.

Маалым болгондой, ушул жылдын сентябрь айында арыздануучудан ал кызмат абалынан пайдаланып, акча каражатын алган. Андан кийин дагы ага үч жолу бөлүп-бөлүп акча каражаты которулуп, берилген.

4-ноябрда ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын төртүнчү башкармалыгынын кызматкерлери акча каражаттарын акыркы жолу пара катары берүү учурунда шектүүнү кармашкан.

Андан 20 миң сом табылып алынган. Акыркы он күндүн ичинде эле ага 40 миң сом акча каражаты берилген.

Учурда аталган факты боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Соттун чечими менен кармалган жаран тергөө аяктаганга чейин камакка алынды.

Сүрөт: ИИМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты