“ЖЭБ шаардагы ыштын 10-15% гана бөлүп чыгарат”. Садыр Жапаров ЖЭБдеги ыштын деңгээлин 15 эсе көп кылып айткан (Фактчекинг)

17-декабрда президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине маек берген. Өлкө башчысы Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу камакка алынгандар жана Бишкек шаарындагы ыш маселеси тууралуу оюн билдирген. 

Жапаров азыр камакта отурган жыйырмадан ашуун активист жана оппозициялык лидерлер өлкөдө төңкөрүш жасоону пландашканын жана акыркы өкүмдү сот чыгара турганын белгилеген.

Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы ыш көйгөйүнө да токтолуп, бул маселенин чыгуусуна үйлөр жана мончо сыяктуу жеке тармактар себеп болуп жатканын айткан. 

“ПолитКлиника” медиасы президенттин айткандарын текшерип көрдү. 

Тик учак менен учуу жана мэрге айтылган сын

Президент Садыр Жапаров өз маегинде журналисттин суроосуна жооп берип жатып, Бишкек шаарындагы ышты өзү көргөнүн жана шаардын мэрин алмаштыруу менен көйгөй чечилбей турганын билдирген.

Мэрди кетирсек эле дароо эле түтүн жок болбойт. Түтүндүн деңгээлин көзөмөлдөө үчүн коомубуз тарабынан колдоо болушу керек. ЖЭБ шаарды каптаган түтүндүн 10-15% гана бөлүп чыгарат. Муну биз жакында тик учак менен калк жашаган пункттардын үстүнөн учуп баратканда өз көзүбүз менен көрдүк. Түтүндүн калган пайызы жаңы имараттардан, жеке сектордон, сауналардан жана мончолордон чыгып жатат. Анткени алар каучук жана тигүү цехтериндеги кездемелердин калдыктарын өрттөшөт. Мындай учурларды тургундар өздөрү көзөмөлдөшү керек, анткени күйгөн заттар ошол райондун ар бир тургунуна зыян келтирет. Коңшусуңбу же жөн эле өтүп бараткан адамсыңбы айырмасы жок, мындай учурларды айтып, кесепеттерин түшүндүрүп, тиешелүү органдарга билдирүү керек. Ошондо гана биз түтүндөн арыла алабыз”, — деп билдирген Жапаров. 

11-декабрда Бишкек шаарында абадагы зыяндуу РМ 2,5 заттарынын көлөмү максималдык көрсөткүчкө жетип, 288 деген сан менен дүйнөдөгү эң булганыч шаарлардын сап башына чыккан.

Дал ушул күнү президент Садыр Жапаров жана УКМК башчысы Камчыбек Ташиев Германиядан сатылып алынган жаңы Airbus H145 үлгүсүндөгү тик учакты сыноодон өткөрүшкөн. Тик учакты сыноо учуру көрсөтүлгөн видео социалдык тармактарга жарыялангандан кийин, кээ бир интернет колдонуучулары “Бишкек шаарындагы ышты президент көрсүн” деген билдирүүлөрдү калтырып, талкууга алынган.

Ал эми Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровду кызматтан кетирүү демилгеси Жогорку Кеңештин 14-декабрдагы жыйынында көтөрүлгөн. Бир катар депутаттар шаар мэринин Бишкектеги кара түтүн менен күрөшүүгө чара көрбөгөнү жана жоопкерчиликсиз мамилеси негиз болуп жатканын билдиришкен. 

Депутататтар мэрдин шаардын булганыч абасы менен байланыштуу көйгөйүн чечүүнүн ордуна футбол ойноп жүргөнүн сынга алышкан.

Белгилей кетсек, 14-15-декабрь күндөрү президент Садыр Жапаровдун катышуусунда “Мурас” турнири болуп өткөн. Турнирге Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров да катышкан. 

“Ыштын 10-15%ы гана ЖЭБден чыгат. Калганы жеке секторлордун күнөөсү” 

Президент Садыр Жапаров маегинде Бишкек шаарындагы ыштын 10-15% гана Жылуулук электр борборунан (ЖЭБ), ыштын калган бөлүгү мончо жана жер үйлөрдөн чыгып жатканын баса белгилеген. 

19-декабрга карата IQAir сервисинин изилдөөсү боюнча Бишкек дүйнөдөгү абасы эң кир деп эсептелген 101 өлкөнүн арасынан 3-орунду ээледи

“ЖЭБ шаардагы ыштын 10-15% гана бөлүп чыгарат”. Садыр Жапаров ЖЭБдеги ыштын деңгээлин 15 эсе көп кылып айткан (Фактчекинг)

Кээ бир учурда PM2.5 бөлүкчөлөрүнүн саны боюнча Бишкек шаары Дели жана Лахор сыяктуу миллиондогон жашоочулары бар шаарлардан да озуп кетет. 

 World Air Quality аттуу дүйнөдөгү абанын кирденүүсүн өлчөгөн сервистин рейтингинде Кыргызстандын көпчүлүк шаарлары анын ичинде Бишкек абасы өтө кир жана коркунучтуу аймакка кирет. 

19-декабрда абанын индекси 191ге жетип, кооптуу деп табылган. Тоолордон алыс, ЖЭБге жакын жайгашкан, көбүнчө менчик үйлөр орун алган шаардын түндүк-чыгыш тарабында абанын көбүрөөк булганганы байкалат.

Бишкек шаарындагы ыштын кесепети эмнеден улам болуп жатканы тууралуу көптөгөн изилдөөлөр жүргүзүлгөн.

2022-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы менен Бириккен Улуттар Уюмунун Айлана-чөйрө боюнча программасынын “Бишкек шаарындагы абанын сапаты: эмиссия булактарын баалоо жана абанын сапатын башкарууга көмөктөшүү боюнча жол картасы” аттуу изилдөөдө Бишкектеги абанын булганышына ЖЭБдин таасири аз экени белгилүү болгон. 

Изилдөөгө ылайык, Бишкек ЖЭБи абадагы PM2.5 жана PM10 бөлүкчөлөрүнүн концентрациясына 1%дан азыраак салым кошот. Анын себеби ЖЭБдин бийик түтүктөрү зыяндуу абаны шаарга эмес мейкиндикке чыгарып жиберүүгө ылайыкташтырылган. 

Изилдөөчүлөр Кыргызстандагы ыш көйгөйүнүн негизги себеби “көмүр жагууга” байланыштуу экенин белгилешкен. Анткени Кыргызстандагы 70%га жакын тургундар кыш айларында көмүр жагышат.

Борбор Азиядагы Америка университетинин (БААУ) айлана-чөйрө жана өнүктүрүү борбору 2018-жылы жүргүзгөн анализинде ыштын себептери аныкталган. Ал анализде Бишкек шаарындагы абанын кирдөөсүнө негизги үч себеп бар:

  • автоунаадан чыккан газдар
  • жылытуу үчүн жагылган заттар
  • чаң жана башка катуу заттар

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу курчап турган айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, Бишкек шаарында жыл сайын 240 миң тонна кирдетүүчү заттар атмосферага чыгарылат. Алардын 180 миң тоннасы автотранспортко тиешелүү. Калганы болсо коомдук жана жеке сектордун жылуулук үчүн колдонгон каражаттардан чыккан кирдетүүчү заттар.

Бишкек шаарында Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, жарым миллиондон ашык автоунаа катталган. Анализге ылайык, миң тургунга 450 автоунаа келет. Бул көрсөткүчтөр Лондон жана Амстердам шаарларынын орточо коэффициентинен жогору.  

Мындан сырткары, Бишкек шаарынын борбордук жылытуу системасына кошулбаган жеке үйлөр абанын булганышына себепкер. Мындай пикир Борбор Азиядагы Америка университетинини изилдөөсүндө айтылат. Ага ылайык, шаардын 40%ы катуу отун колдонушат. Ошондой эле, жеке үйлөрдү жылытууда эффективдүү эмес жылытуу системалары колдонулат. Мындай системаларда жылуулукту жоготуунун саны айрым учурларда 60%га жетет. Салыштырмалуу бул көрсөткүч Европа Биримдигинде беш эсе төмөн. Бул көрүнүш көмүрдү 20-30%га көп колдонууга себепкер.

Таштанды полигону Бишкекте орногон ыштын дагы бир себеби. Бул полигондо он жылдан бери таштандылар өрттөлүп, атмосферага көптөгөн уулуу заттар ыргытылат. Эксперттердин айтымында, шаардын таштанды полигону тургундардын ден соолугуна чоң зыян алып келет. 

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун билдиргени боюнча, сырткы абанын булганышына байланыштуу инсульт, жүрөк оорулары, өпкө рагы жана дем алуу органдарынын өнөкөт ооруларынан жылына болжол менен 7 миллиондон ашык адам көз жумат. Дүйнөнүн калкынын 90%дан ашыгы аба сапатынын деңгээли Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун чегинен ашкан жерлерде жашайт. 

Ал эми Кыргызстан бул өлкөлөрдүн сап башында турат.

Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарынын абасынын деңгээли тууралуу маек берип жатып, абаны булгоочу  автоунаа, таштанды полигону сыяктуу башка факторлор бар экенин айткан эмес. Мындан сырткары, калктын бири-бирине болгон көзөмөлү Бишкектеги абанын деңгээлин канчалык жакшырта турганын да толугу менен түшүндүргөн эмес.

Жыйынтык: Бишкектин абасынын булганышына ЖЭБ 10-15% эмес 1%га жакын таасир эте турганы аныкталган. Президент Садыр Жапаров бул санды 15 эсе көп көрсөткөнү чындык.  

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты