Баасы дээрлик 140 миң сом. УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин күрмөсүн текшеребиз

11-декабрда президенттин администрациясы “Кыргызстан Airbus H145 үлгүсүндөгү дагы бир тик учак сатып алды” деген аталыштагы видеону бөлүшкөн. Анда өлкө президенти Садыр Жапаров жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин Германиядан сатылып алынган жаңы тик учакты сыноо учуру көрсөтүлгөн. 

Видеодо УКМК башчысы Камчыбек Ташиев кийип жүргөн күрмө социалдык тармактын колдонуучуларынын көңүлүн бурдурган. 

Баасы дээрлик 140 миң сом. УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин  күрмөсүн текшеребиз

“ПолитКлиника” медиасы Камчыбек Ташиевдин күрмөсү кайсы брендге таандык экенин текшерип көрдү. 

Баасы 1590 евролук Moncler курткасы 

УКМК башчысы Камчыбек Ташиевдин Airbus H145 тик учагынын сыноосунда кийип жүргөн курткасы италиялык Moncler брендине таандык “Bauges” үлгүсүндөгү курткага абдан окшош. Аталган куртканын кара жана күрөң түстөгү эки түрү бар. 

Баасы дээрлик 140 миң сом. УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин  күрмөсүн текшеребиз

Сүрөттө көрүнүп тургандай, күрмөдөгү чөнтөктөрдүн жана топчулардын саны бири-бири менен дал келет. Мындан сырткары, куртканын бүгүлгөн жерлери да окшош. 

Бреддин расмий сайтында көрсөтүлгөндөй, бул куртканын баасы 1590 евро же 143 миң (курс 90 сом) сом. 

Белгилей кетсек, Moncler — италиялык бренд. 1952-жылы  Рене Рамиллон аттуу адам тарабынан негизделип, көбүнчө кышкы сезонго ылайыктуу, сапаттуу кийимдерди өндүрөт. 

Moncler брендинин дүкөндөрү Казакстанда жана Орусияда бар. Ал эми Кыргызстанда ачылган эмес. 

19,5 адамдын жашоо минимумуна барабар

Airbus H145 үлгүсүндөгү экинчи тик учакты сыноо учурунда президент Садыр Жапаров да баасы 1 млн 264 миң сомдук Loro Piano брендине окшош куртка кийип жүргөнүн көрүүгө болот.

Баасы дээрлик 140 миң сом. УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин  күрмөсүн текшеребиз

Буга чейин Factcheck.kg басылмасы президент Садыр Жапаровдун Нарын облусунун Куланак айылындагы ГЭСтин курулушуна кийип барган курткасы  Loro Piano брендине таандык экенин жана баасы 1 млн 264 миң сомду же $15.3 миң түзөөрүн аныктап чыгышкан. Өлкө башчы тик учактын сыноосуна да ушул куркасын кийип келген.

Factcheck.kg басылмасынын журналисттери белгилегендей, президент Садыр Жапаровдун курткасы 175.5  адамдын жашоо минимумуна туура келе турганын аныкташкан. 

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, жалпы республика боюнча 2022-жылдын II кварталындагы адам башына жашоо минимумунун орточо өлчөмү 7318 сомду түзгөн. 

Жыйынтык: УКМК башчысы Камчыбек Ташиевдин 143 миң сомдук курткасы 19,5 адамдын бир айлык жашоо минимумуна туура келет. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты