Жазуучу, сүрөтчү Мурзапар Үсөн каза тапты

  • 2 года мурун

Көп кырдуу талант ээси — жазуучу, сүрөтчү, скульптор Мурзапар Үсөн 75 жаш курагында каза тапты. Бул тууралуу “Азаттык” маалымдады.

Мурзапар Үсөн Баткен районунун Кара-Булак айылында 1948-жылы 8-сентябрда туулган. “Ааламдар алкагында”, “Сакылар жери”, “Менин философиям”, “Тайгак кечүү”, “Сырттан” ж.б. бир нече роман, повесть, драмалардын автору. Ал Баткен районунун Кара-Булак айылында айтылуу «Муз булак» коругун негиздеген.

Маалыматка караганда, маркумдун сөөгү бүгүн, 22-январда, өзү туулуп-өскөн Кара-Булак айылына коюлат.

Мурзапар Үсөн жана ал негиздеген корук тууралуу “ПолитКлиника» медиасынын материалын бул шилтемеден окусаңыздар болот.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты