Берекелүү Баткенде

Берекелүү Баткенде

Биринчи жолу көргөн кишиге Баткен кандай элес калтырганын айта кетейин.

20-июнда, саратан жайда, чак түштө Баткендин аэропортуна келип кондук Бишкектен. “Тез жет” деген компаниянын самолетуна отурганбыз. Самолет эки үйдүн ортосуна эле конуп калгандай болду. Аэропорт аябай кичинекей экен. Эшик ысык, үп. Бишкекте мынчалык ысык эместей.

Берекелүү Баткенде “Лейлек, Лейлек! Исфана, Исфана!” — деп кыйкырып, жүргүнчү издеген таксисттер тосуп алды бизди. Баткенди биринчи жолу көрсөм да, бул жер  эзелтен мага тааныштай. Жада калса ылайдан жасалган сокмо дубалдары дагы.

Элдин баары бир жакка кеткендей, көчө жымжырт Балким чак түштөгү ысыктан калкаланып чыкпай калышкандыр. Мейманканага жайгашып, баштыктарыбызды койгондой кийин эле Баткендин базарына жөнөдүк. Элдин баары ушул жакта жүргөндөй. Сатуучулары көп. Базарда арзанчылык. Алча 60 сомдон, жаңы бышкан өрүк 10 сомдон, бир коон 100 сомдон. Айтылуу кургатылган өрүгүн сатып алдык 150 сомдон.

“Алтын казык” аттуу кафеге кирсек, лагмандын бир порциясын эки кишилик кылып дөбөлөп салып беришет экен. Чайга кант салбайт го өздөрү, кантты сурап алдырдык.

Биз токтогон мейманкана “Байкурт” деп аталат, бардык шарты, wi-fi бар, мен ошол жактан жазып жатам.

Кара-Булакка карай 

Жолдо баратып, айгүл гүлү өсчү Айгүл тоону көрдүк. Айгүл эчак, апрелде гүлдөп бүтүптүр. Гүлдөгөнүн көптөн бери эле көрө албай жүрөм. Лейлектик кеcиптешим Эмил Момунов экскурсия уюштуруп берем десе, 2005-жылы революция чыгып, барбай калганбыз. Саламат Садыкова менен Апаз Жайнаков ырдачу өрүкзарда өрүк бышыптыр.

Дагы эле айлана-тегерек, тоолор, суулар — бу жерлердин баары көзгө тааныш сезиле берди. Балким бул сезим кыргыз жергесинин ар  кайсы жагынын кандайдыр окшоштугунан болуп жүрбөсүн.

Мурзапар Үсөндүн үңкүрүндөБерекелүү Баткенде

Тоо тараптагы Муз-Булак аттуу эс алуучу жайда жалпыга маалымдоо каражаттарынан эзелтен тааныш, ушул жерди өз колу менен гүлдөтүп, көркүнө чыгарып жаткан Мурзапар Үсөн тосуп алды. Ал тууралуу далай тамшанган кептерди окуп да, угуп  да келдик эле. Мына эми ал киши бет маңдайыбызда турат. Баягы жомоктордогудай, кашы калың, чачы узун, европалыктардай кайкалаган шляпаны кийген, жайдары, мээрими төгүлүп турган адам экен. Бизге чейин да башкаларга нечен ирет айтып берген аңгемесин дагы да кайталады. Токой ичинде куштар сайрап, аңгемесин көркүнө чыгарып турду. Бул жактарда Марал аттын тескейи, Кык, Черикти аттуу жайлоолор, жаныбарлардан  жайра (дикобраз), кашкулак, жапайы чочко, куштар, чулдук бар экенин айтты.

Кыргыз тили жана адабиятынан чейрек кылым сабак берген адам табиятынан таланттуу жаралып, бул жактагы скульптуранын баарын өз колу менен жасаган. Бир канча роман, повесть, көркөм чыгармалардын автору.  Бул жакка кантип келип калганын айтып олтурду:

Берекелүү Баткенде—Мурда жазуучуларга дача берилчү.  Ал кездеги аким  Дастан Бердиев  “суулуу, бактуу жер тандаңыз, картошка эгесиз, бир гектар жер беребиз” деп калды. Айылым бул жерге жакын болгондуктан, 1997-жылы табигат менен сырдашып жүрөйүн деп ушул жерди алгам.

Бул чым, камыш баскан жер болчу башта. Бир гана Муз-Булагы, Таш-Булагы бар.  “Ушул жерди алганын кара” деп баары мага күлүштү эле. 3-4 жыл өтүп, көркөмдөп койгонумдан кийин аким келип “жазуучулар келечекке карай ой жүгүртөт турбайбы, эми түшүндүм” деди. Өзү чыгармачыл аким бул жакка свет тарттырып, шифер алып берди.  Мына ошентип андан бери арадан 20 жыл өттү. Бул жакка өрүк жыгачынан скульптураларды жасадым, баарын көркөмдөдүм.

Таш алдынан булак агып турган жерге үңкүрдө атлант бар. Манастын, Алмамбеттин скульптуралары өрүк жыгачынан жасалган. Улуу Ата мекендик согуш учурунда 1941-1946-жылга чейин 12 кыз-келин Кара-Булак Фрунзе колхозунун башкармасы  Абдубалиева Галбүбүнүн жетекчилиги менен ЧТЗ тракторун айдап, 6 жыл иштеген, ошолорго арнап, быйыл скульптура тургуздум. 300 кг тегирмен ташты көтөргөн балбан өткөн, ошол кишиге арналган скульптура бар.

Айгүл гүлдөгөн маалда Кыргызстан, КМШ өлкөлөрүнөн, Айгүл тоого келгендер сөзсүз бул жакка да келет.

Бала-Булак балалуу боло албагандар келип сыйына турган жер, — деп Мурзапар Үсөн аксакал тааныштырып жатты.

Булактан суу ичип, улам жогору карай өрдөп бараттык. Анын жолун кенже уулу улантчудай болуп, анын да колу билги чыгыптыр. “Суунун да кулагы бар, мактасаң дары болот сага” деп айтты.

Балдарга 10 сомдон, чоңдорго 20 сомдон, ал эми акчасы жокторго бекер эле экен. Бул жакта 1998-жылы акындардын фестивалы өткөрүлгөн.

Эс алып жүргөндөрдүн бир-экөөнү сөзгө тарттык.Берекелүү Баткенде

Максат Кудайбердиев, Баткендин Базар-Башы айылынан:

—Досубуздун туулган күнү болуп, үй-бүлөбүз менен келгенбиз. Бул жактын жаратылышы бизге жагат, — деди ал.

Жубайы Дөрмамбет кызы Бегимай:

—Мурзапар акенин эс алуучу жери жылдан-жылга көркүнө чыгып бара жатат. Биз ал кишиге ыраазычылыгыбызды билдире кетели, — деп айтты.

Амина Гапурова, эс алуучу:

—Мен өзүм Кадамжайдан болом. Бул жакка биринчи жолу келип жатам. Абдан кооз экен, — деди ал.

Эс алуучу жайдын ээси, колу билги Мурзапар Үсөн бизди узатып жатканда, анын узун чачы тууралуу сөз кылып калсак, мындай деди:

—Пайгамбар хадисинде “Чач акыл, сакал макүр” (арам) деген экен. Кийин ал сөздү бурмалап салышкан, — деп кошумчалады.

Берекелүү БаткендеМурзапар  Үсөн айылынан бул жакка күнүгө жөө баса берип, чарчоону билбей калыптыр. Кошунасы тамашалап “Мурзапар  3 чакырым ары, 3 чакырым бери баса берип, 14 жылда Жер шарын айланып койду” дептир.

Токойдун ээси тээ тоонун чокусуна “резиденция” салып алган. Ал жакта туруктуу жашабаса деле, чыгармачыл адамдар “келип жашап турсун” деген ниети бар. Бирок азырынча эч кимиси жашай элек экен. Бул жакка музей уюштуруп, кыл калем менен тарткан сүрөттөрүн койгусу келет.

Токой ичиндеги жана сырттагы шар аккан тоо булагынан гана суу ичип, Муз-Булактын ичинен кеткибиз келбей бараттык.

Баткендин борбору тарапта Манас атанын эстелиги тээ бийикте Манас баатыр заңкайып турду…

Айгүл Бакеева,

Бишкек-Баткен.

Сүрөттөрү автордуку.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты