«Жашыл мурас» улуттук өнөктүгү башталды

  • 2 года мурун

Бүгүн, 12-мартта, «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш багынын аймагында ийне жалбырактуу көчөттөр отургузулуп,  «Жашыл мурас» улуттук өнөктүгү башталды.

Иш-чарага Президент Садыр Жапаров, эл аралык уюмдардын, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, Президенттин администрациясынын кызматкерлери, мамлекеттик органдардын жетекчилери, Президенттин иш башкармалыгынын жана Бишкек мэриясынын кызматкерлери катышты.

Садыр Жапаров «Жашыл мурас» улуттук өнөктүгү жалпы өлкө боюнча, ар бир аймакта өтүп жатканын жана жыл сайын өтүүчү салтка айланарын белгиледи. Жыл сайын өлкө боюнча 5-6 млн көчөт отургузуу пландалууда.

Президент өткөн жылы Глазго шаарында өткөн БУУнун алкактык конвенциясынын тарпатарынын 26-конференциясынын дүйнө лидерлеринин саммитинде Кыргызстан БУУга 2022-жылды Тоодорду туруктуу өнүктүрүү жылы деп жарыялоо сунушун бергенин эске салды.

2021-жылдын 16-декабрында БУУнун башкы ассамблеясынын 76-сессиясынын катышуучулары Кыргызстандын демилгесин бир добуштан колдоп жана  2022-жылды «Тоолорду туруктуу өнүктүрүү эл аралык жылы» деп жарыялоо жөнүндө резолюцияны кабыл алышкан. 

Архивдик сүрөт. Бак отургузуу. Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты