“Жарыкты үнөмдөгүлө!” Жарыкты пайдалануу боюнча окшош билдирүү тараткандардын көбү УТРКнын кызматкерлери (Фактчекинг)

21-январда президент Садыр Жапаров электр энергияга болгон баа кымбаттай турганын жарыялады. Өлкө башчысы бул энергетика тармагынын карызын өстүрбөй кармап турууга багытталган кадам экенин билдирди. Ага ылайык, 2023-жылдын май айынан тарта электр энергиясына болгон баа 77 тыйындан 1 сомго көтөрүлөт. 

Президент Садыр Жапаров билдирүү таратканга чейин социалдык тармактарда “Сабырдуу бололу, жарыкты үнөмдөйлү!” жана “Эң арзан свет Кыргызстанда” деген эки билдирүү жапырт таратыла баштаган. 

Орозгүл Арстанова аттуу Фейбук колдонуучусу окшош билдирүү тараткандар, кээ бир маалыматтарды толук бербегенин сындап чыккан.

“Жарыкты үнөмдөгүлө!” Жарыкты пайдалануу боюнча окшош билдирүү тараткандардын көбү УТРКнын кызматкерлери (Фактчекинг)

“ПолитКлиника медиасы президент билдирүү таратканга чейин жарык тууралуу окшош билдирүүнү кимдер таратканын анализдеп көрдү. 

Кайталанган сценарий: Окшош билдирүү тараткандардын көбү УТРКнын журналисттери 

2022-жылы ноябрь айында Жогорку Кеңеш Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча келишимди ратификациялаган. Андан көп өтпөй социалдык түйүндөрдө Кыргызстан Кемпир-Абад суу сактагычын берүү менен утушта калганын жазган көптөгөн посттор чыга баштаган. Bulak.kg сайты аталган постторду анализдеп чыгып, Кемпир-Абад тууралуу коомдук пикир жаратууга УТРКнын кызматкерлери катышып жатканын аныктап чыгышкан. 

Январь айында өлкөдөгү айрым аймактарда жарык маал-маалы менен өчүп жатканын интернет колдонуучулары жазып, нааразычылыктарын билдиришкен. 

Ал эми жарыкты үнөмдөө боюнча окшош билдирүү 18-19-январда Фейсбук тармагында активдүү бөлүшүлө баштаган. Кемпир-Абаддын берилиши Кыргызстан үчүн “утуш” экенин билдирген аккаунттар эми бул жолу элди жарыкты үнөмдөөгө чакырган постторду бөлүшүшкөн. 

Кемпир-Абад vs жарык үнөмдөө 

1. Усубалы Каганат

Усубалы Каганат аттуу интернет колдонуучусу 2022-жылы 17-ноябрда Кемпир-Абад маселеси Кыргызстандын пайдасына чечилип жатканы тууралуу билдирүүнү бөлүшкөн. Эки айдан кийин өлкөдөгү энергетика тармагындагы нааразычылык жана веердик өчүрүүлөрдүн фонунда жарыкты үнөмдөө  боюнча постту бөлүшкөн. 

“Жарыкты үнөмдөгүлө!” Жарыкты пайдалануу боюнча окшош билдирүү тараткандардын көбү УТРКнын кызматкерлери (Фактчекинг)

Учурунда светсиз, суукта кабагым-кашым дебей эле жашаганбыз. Нарында, Чаткалда, Чоң-Алайда дайым эле ушундай суук.

Бишкекте 1 жума суук болуп, сууктан улам айрым жерлерде свет өчүп калууда. Мына ошону сабыры жоктор улам соцтармактарга жазып, наалып жатышат.

Бул суук Казакстанды, Өзбекстанды дагы түйшүккө салды. Аларда свет, газ чогуу өчүп калып жатат. Бирок бизге окшоп кыйкырып, наалыган жок.

Аларга салыштырмалуу бизде абал Кудайга шүгүр. Электр энергиясын үнөмдөп койгула, напряжение болгон жерде күч келип өчүп калып жатат деп эскертип жатышат. Деле үнөмдөгөн адам жок, кайра болгон жарыгын күйгүзүп, жылыткычтарды сайып жатышат.

Туугандар, суук деле төмөндөп бара жатат, аз күндө күн жылып баштайт. Жер сабай бербей сабырдуу бололучу!”, — деп жазылган билдирүүдө. 

Белгилей кетсек, Усубалы Каганат (Усубалы Мамбетов) Фейсбук социалдык тармагында “Ала-Тоо 24” каналынын берүүлөрү жана президент Садыр Жапаровдун маектерин активдүү бөлүшөт. Фейсбукта УТРКнын кызматкери деп көрсөтүлбөсө да, УТРК каналында ага тиешелүү фоторепортаждар жана видеоматериалдар бар. 

2. Элнура Нуридин кызы

Усубалы Каганат бөлүшкөн жарык үнөмдөө тууралуу билдирүүнү Элнура Нуридин кызы аттуу УТРКнын кызматкери да бөлүшкөн. Ал УТРКнын кызматкери экенин өзүнүн Фейсбук баракчасында көрсөткөн. 

“Жарыкты үнөмдөгүлө!” Жарыкты пайдалануу боюнча окшош билдирүү тараткандардын көбү УТРКнын кызматкерлери (Фактчекинг)

Элнура Нуридин кызы да буга чейин Кемпир-Абад маселесинде Усубалы Каганат сыяктуу позитивдүү билдирүүнү бөлүшкөн. Кызыгы, Кемпир-Абад жана жарыкты үнөмдөө боюнча эки окшош билдирүү тең бир убакта жарыяланган. 

3) Селина Турусбекова 

Селина Турусбекова аттуу баракчада да Кемпир-Абад маселеси жана жарык боюнча билдирүү УТРКнын журналисттери тараткан убакытка дал келет. Турусбекова дагы Кемпир-Абад маселесинде “30 жылда чечилбеген кыргыз-өзбек чек арасы чечилди” деген билдирүүнү 17-ноябрь күнү тараткан. 

“Жарыкты үнөмдөгүлө!” Жарыкты пайдалануу боюнча окшош билдирүү тараткандардын көбү УТРКнын кызматкерлери (Фактчекинг)

Селина Турусбекованын фейк аккаунт болуу ыктымалдуулугу жогору. Анткени профилдеги сүрөт интернеттен алынып, автордун жеке фотолору жок. Аталган аккаунт кээде гана активдүү болуп, бир канча жолу президент Садыр Жапаровдун ишмердүүлүгүн колдогон постторду бөлүшкөн.

Жарыкты үнөмдөө тууралуу окшош постторду бөлүшкөн аккаунттардын Фейсбуктагы посттору бири-бирине абдан окшош.

“Жарыкты үнөмдөгүлө!” Жарыкты пайдалануу боюнча окшош билдирүү тараткандардын көбү УТРКнын кызматкерлери (Фактчекинг)
“Жарыкты үнөмдөгүлө!” Жарыкты пайдалануу боюнча окшош билдирүү тараткандардын көбү УТРКнын кызматкерлери (Фактчекинг)

Алардын көпчүлүгү УТРКнын жаңылыктары жана президент Садыр Жапаровдун ишмердүүлүгү боюнча постторду бөлүшүшкөн. Мындан сырткары, акыркы убактарда көмүр сатып алуу жана электр энергиясынын кымбатташы боюнча өкмөттүн кадамдарын кубаттаган бир канча постторду дагы бөлүшүшкөн. 

Башкача айтканда, УТРКнын кээ бир журналисттери бир убакта Кыргызстанда талкуу жараткан маселелер боюнча бийликти кубаттаган постторду бөлүшүп турушкан.  

Үнөмдөөгө үндөгөн чакырык жана манипуляция 

2020-жылы октябрда өлкөдө бийлик алмашкандан кийин веердик өчүрүүлөр болбой турганы жана Кыргызстан энергетика тармагындагы кризиске даяр экени айтылган. Бирок көп өтпөй суук түшкөндө жарык баары бир өчүрүлөрү белгилүү болгон.  Алгач электр тутумуна болгон жүктөмдүн көптүгүнөн автоматтык түрдө жарык өчүп турган.

“Улуттук энергохолдинг” кыргызстандыктарды электр энергиясын үнөмдөп, үйлөрдү жылытуу үчүн газ жана көмүр колдонууга чакырган.

Ал эми өлкө президенти Садыр Жапаров 2021-жылы өлкөнүн энергетика системасын кризиске алып келген ал эмес экенин белгилеп, “Кудай буюрса, 2024-2025-жылдары энергетика системасын кризистен чыгарабыз» деп убада берген.

Эксперттер Кыргызстандагы энергетикалык жагдай боюнча коркунучтуу коңгуроолорду кагып келишет. 

Практика жүзүндө “калкты энергияны үнөмдөөгө үндөө” колдонулган процесс. Максаты адамдардын жүрүм-турумун позитивдүү жакка өзгөртүү болуп саналат. 

Фейсбук социалдык тармагында таратылып жаткан “энергияны үнөмдөө” боюнча посттордо да “энергияны үнөмдөөгө чакыруунун” элементтери камтылганын көрүүгө болот. Бирок ошол эле учурда билдирүүлөрдө манипулятивдүү маалыматтар камтылган.

1. “Учурунда светсиз, суукта кабагым-кашым дебей эле жашаганбыз”.

Посттун  кириш бөлүмүндө эле пропаганданын жана манипуляциянын “Көпчүлүккө апелляция  (жалпы элдин ою катары көрсөтүү) деген түрү колдонулган. Анткени автор “бир убактарда светсиз жашаганбыз” деп көпчүлүктү ынандырууга аракет кылган. 

Чындыгында, Кыргыз Республикасынын энергетика тармагынын өнүгүшү 1910-жылдары же мындан 113 жыл мурда эле башталган. 1936-жылдардан баштап ГЭСтерди куруу активдүү жүргүзүлүп, өлкөнүн алыскы айылдарына чейин электр энергиясын жеткирүү иши активдүү жүргөн.

Ал эми веердик өчүрүүлөр жана электр энергияга болгон баанын көтөрүлүшү бозгундагы президент Курманбек Бакиевдин учуруна туура келет.  Ошол учурда дагы жарыкка болгон баанын көтөрүлүшүнө жана веердик өчүрүүлөргө байланыштуу нааразычылыктар жаралган. 

2. “Бул суук Казакстанды, Өзбекстанды дагы түйшүккө салды. Аларда свет, газ чогуу өчүп калып жатат. Бирок бизге окшоп кыйкырып, наалыган жок.”

Өзбекстанда 9-ноябрдан тарта магистралдык газ түтүктөрүндөгү “абанын кескин муздашы” натыйжасында жаратылыш газынын басымы төмөндөп, ЖЭБди отун менен камсыздоодо көйгөйлөр жаралган. Буга байланыштуу өлкө бийлиги маал-маалы менен өлкө боюнча электр энергиясын өчүрүүгө аргасыз болгон.

Буга байланыштуу энергетика тармагындагы кризистик кырдаалга жол берген жетекчилерге кылмыш иши козголуп, камакка алынган. Ошондой эле Өзбекстанда энергетикалык кризиске байланыштуу жай тургундар нааразычылык акцияларын уюштурушкан. 

Башкача айтканда, энергокризис коңшу мамлекеттерде болуп жатканы чындык. Бирок ал жакта да түрдүү нааразычылыктар жана камоолор болгон. Автор энергияны үнөмдөө тууралуу постто манипуляциянын тандалма чындык (өзүнө пайдалуу гана бөлүгүн берип, калганын тыйып коет) ыкмасын колдонгон.

Жыйынтык: Жарыкты үнөмдөө жана өлкөдөгү энергокризис боюнча элдин пикирин жаратууга УТРКнын кээ бир кызматкерлери катышканы чындык. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты