Жанар Акаев ЖМК жөнүндө мыйзам долбоорун артка кайтарууну сунуштады

  • 5 месяцев мурун

Бүгүн, 13-февралда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында ЖМК жөнүндө мыйзам долбоору каралды.

Анда депутат Жанар Акаев мыйзам долбоорун артка кайтарууну сунуштады.

«Бул мыйзам долбоору боюнча Маданият министрлиги «бир канча жыл өттү, заман өзгөрүп жатат, жаңы технологиялар пайда болду, жаңыланышыбыз керек» деген аргументтерди келтирүүдө. 100 жылдап өнүккөн өлкөлөрдө өзүнүн Конституциясын алмаштырбагандар бар. Менин оюмча, министрликтин аргументи чындыкка дал келбейт.

Урматтуу депутаттар, ойлонуп көрсөңөр азыр эмне журналисттерде жоопкерчилик жокпу? Азыр дагы бар. Маданият министрлиги биздин депутаттарды кайрадан коомчулуктун, маалымат каражаттарынын каарына калтырууга жем таштап коюп жатасыңар. Эгерде бул мыйзамды кабыл алып койсок, министрликти эч ким сөкпөйт. Ошол эле көз карандысыз медиалар, журналисттердин бардыгы депутаттарды сөгөт. Мен сөз эркиндиги менен жоопкерчилик болушу керектигин туура деп эсептейм. Сөз эркиндиги менен жоопкерчилик бири-бири менен эриш-аркак болушу зарыл. Бул мыйзамды түп тамыры менен кабыл алганга болбойт. Мен бул мыйзамга каршымын. Мыйзам долбоорун артка кайтарып, 5-6 ай иштеп чыгуу керек», — деди Жанар Акаев. 

Жогорку Кеңештин сайтында Министрлер кабинети тарабынан жөнөтүлгөн «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоору жарыяланды. Мыйзам долбоорунун жарыялоо убактысы 2023-жылдын 15-декабры деп көрсөтүлгөн.  Мыйзам долбооруна регулятивдик таасир анализи (АРВ) жана жумушчу топтун айрым мүчөлөрүнүн өзгөчө пикирлери берилген.  

Ошону менен бирге эле Медиа Полиси Институту «ЖМК жөнүндө» мыйзам долбоору президент Садыр Жапаровдун 2022-жылдын 7-декабрындагы медиасектордон кирген жумушчу топтун пикирлерин эске албай түзүлгөндүгүн жана Кыргызстандагы сөз эркиндигине олуттуу залакасын тийгизээрин белгиледи.  

Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Конституциясына, жарандык жана саясий укуктардын эл аралык пактына каршы келет. Мыйзам долбоорунда ыйгарым укуктуу органдар – маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, юстиция министрлигинин пикирлери эске алынбай калган деп белгилеп, Медиа Поличи Институту мындай негизги алешемдиктерди атаган:  

Мыйзам долбоору кабыл алынып калган учурда, мамлекеттик органдар каалаган ЖМКны каттоодон өткөрүп, каалабагандарын өткөрбөй коюуга толук эркиндик алмакчы.  Ал эми каттоодон өткөн ЖМКны олуттуу укуктук негиздери жок жаап коюуга мүмкүндүк болот.  

1. Мыйзам долбоору боюнча ЖМКга кирбеген веб-сайттар да каттоодон өтө турган болуп калат.  Веб-сайттардын сөзсүз каттоодон өтүшү тууралуу ченем бул ЖМКнын эркиндигине доо кетирет.

2. ЖМКнын ишмердигин  негизсиз токтотуп коюуга жол ачылат.  

3. ЖМКнын чарбалык иштерине негизсиз кийлигишүү чаралары ишке ашат.

4. Журналисттерди аккредитациялоо концепциясынын түшүнүгү өзгөртүлөт.

5. Журналисттердин кесиптик ишмердүүлүгүн жүргүзүү укугу чектелет

6. Кыргызстанда чет элдиктердин ЖМКга катышуусу чектелет

7. Тыюу салуу ченемдерине шылтоолор көбөйөт

Буга чейин президенттик администрациянын алдында ЖМК тууралуу мыйзам долбоорун жеткире иштеп чыгуу боюнча көз карандысыз юристтерден, медиа жана президенттик администрация өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлгөн.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты