Жанар Акаев камактагы журналисттерди үй камагына бошотуу керектигин айтты

  • 2 недели мурун

Бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев камактагы журналисттер тууралуу маселе көтөрдү.

«Учурда Кыргызстанда 6 журналист абакта жатат. Буга чейин президент менен журналисттердин диалогу башталганын мен кубаттайм. Андан кийин бир топ журналисттер абактан чыкты. Азыр дагы Айданбек Акматов, Олжобай Шакир, Актилек Капаров, 22 жаштагы журналист Айке Бейшекеева абакта. Ошолорду үй камагына чыгарып деле тергөө иштерин жүргүзсөңөр. Журналисттердин абакта жатканы биздин өлкөнүн имиджине аброй алып келбейт», — деди Жанар Акаев.

Эске салсак, 9-апрелде Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 4 журналист үй камагына чыгарылган.

Алар:
«ПолитКлиника» медиасынын иликтөөчү журналисти Тыныстан Асыпбеков;
«Нур Пресстин» журналисти Жоодар Бузумов;
«Арча медианын» журналисти Сайпидин Султаналиев;
«Темиров Лайвдын» мурдагы кызматкери Максат Тажибек уулу.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты