Жалал-Абадда өспүрүмдөргө психотроптук дарыларды мыйзамсыз сатышкан

Жалал-Абад шаарында дарыканаларда жана жеке турак жайларда психотроптук дарыларды өспүрүмдөргө мыйзамсыз сатуу фактысы аныкталганын УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, дарыканалардын кызматкерлери жана айрым жарандар материалдык пайда табуу максатында психотроптук заттарды мыйзамсыз сатып алып, аларды тиешелүү медициналык рецептсиз саткандыгы такталган.

Козголгон кылмыш иштин алкагында дарыканаларды жана турак жайларды тинтүү учурунда эки түрдөгү 750 даана психотроптук дарылар табылган.

“Ошол эле учурда аталган фармацевтикалык каражаттардын негизги сатып алуучулары болуп, психотроптук каражаттарды өз максаты боюнча эмес, мас абалына жетүү үчүн жаш өспүрүмдөр колдонгон”деп айтылат маалыматта.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты