Жактоочу: «Блогер Батмакан Жолболдуеванын эки кичинекей баласы сотто эске алынган жок»

  • 2 года мурун

Блогер Батмакан Жолболдуеванын эки кичинекей баласы сотто эске алынган жок. Бул тууралуу Батмакан Жолдубаеванын жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева журналисттерге билдирди.

«Батмакан Жолболдуеванын эки кичинекей баласы бар. Ал жалгыз бой эне болгондуктан балдарын өзү карачу. Учурда алар туугандарынын үйүндө. Сот бул учурду эске алган жок», — деди ал.

25-мартта AKИpress маалымат агенттигинин аймактык кабарчысы Арзыгүл Галымбетова көз жумган. Анын өлүмүнө шектелип Батмакан Жолболдуева кармалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 127 (“Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү”), 190 (“Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу”), 379 (“Документтерди жасалмалоо”) жана 280-беренелери (“Бейбаштык”) менен төрт кылмыш иши козголгон. Ош шаардык соту Батмакан Жолболдуеваны 26-майга чейин камакта калтыруу тууралуу чечим чыгарган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты