Жаңы туу түшүрүлгөн паспорттор апрелден баштап берилет

  • 5 месяцев мурун

Жаңы туу түшүрүлгөн паспорттор апрелден баштап берилет. Бул тууралуу бүгүн, 27-февралда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында Калкты каттоо департаментинин башчысы Арсен Миңбаев билдирди.

«Негизи туунун өзгөрүшү менен документтерди толук алмаштыруу талабы жок. Азыр жарандардын колундагы паспорттор мөөнөтү бүткүчө иштейт. Ал эми план боюнча бизде жаңы туу түшүрүлгөн ички паспорттор апрелдин ортосунан тартып, берилет. Жалпы жарандык паспортту келерки 2025-жылдан тартып бере баштайбыз», — дейт ал.

Мамлекеттик тууну алмаштыруу мыйзам долбоору былтыр жылдын аягында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Ага өткөн жылдын 22-декабрында президент кол койгон.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты