Жөлөкпулду тездетүү жана чечүү үчүн жарандардан акча алууга шектүү кызматкер кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгындагы туруктуу акча чогултуу фактысы менен кармалды.

19-сентябрда аталган башкармалыктын жетектөөчү адиси М.О.З. кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

“М.О.З. социалдык жөлөкпулдарды, тактап айтканда, «Үй бүлөгө көмөк» төлөмдөрүн төлөө маселелерин тездетүү жана оң жагына чечүү үчүн аз камсыз болгон жарандардан пара талап кылган. М.О.З.нын мыйзамсыз аракеттери сот органдарынын уруксаты менен жашыруун видео камерага тартылган. Ошондой эле Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын жетекчилигинин аталган фактыларга тиешеси бар экендиги текшерилет” деп айтылат УКМК маалыматында.

 Учурда аталган фактылар боюнча тергөө иштери жүрүп жаткандыгы айтылды.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты