Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылында Кемпир-Абаддын Өзбекстанга берилишине каршы курултай өтүүдө (Видео)

Бүгүн, 15-октябрда, Ош облусунун Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылында Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишне каршы курултай башталды.

Курултайды аталган Кызыл-Октябрь айылынын тургундары уюштурушууда.  

Жергиликтүү жашоочулар чыгып сүйлөп, курултайга келе жаткандарды тоспоону, тынч өткөрүүнү суранышты. Курултайга Кыргызстандын ар кайсы аймагынан келип катышып жатышат.

«ПолитКлиника» медиасы курултайдан түз эфир уюштурууда.

Өзбекстан менен түзүлгөн келишимде суунун жогорку чеги 900 горизонт деп белгиленген. Айылдыктардын айтымында, мындай учурда суу бул айылдын айдоо жерлерин каптап кетет.  Ошого байланыштуу алар тынчтык акциясын уюштуруп  жатышат.  

Камчыбек Ташиев Кыргызстанга кайсы жерлер өткөнүн айтты.

Гавасай — 12 миң 949 гектар, Көк-Серек — 105 гектар, Баястан — 212 гектар, Унгар-Тоо — 35 гектар, Ак-Таш — 100 гектар, Кара-Белес — 25 гектар өттү.

Шарихан каналынын башы 19,5 гектары Өзбекстанга, калган 19,5 гектары Кыргызстандын Өзгөн районуна тиешелүү. Кошумчалай кетсек, 1000 гектар жер Сузак менен Өзгөн районунун ортосунда 500 гектарга бөлүнгөн – алар Кыргызстанга тиешелүү.

Орто-Токой суу сактагычын Кыргызстан толугу менен көзөмөлдөйт. «Өзбекстанга Кемпир-Абад суу сактагычынын 4 миң 485 гектар жери калган. Бирок сууну 8 адамдан турган биргелешкен мекеме көзөмөлдөйт. Анын төртөө Кыргызстандан, төртөө Өзбекстандан. Кыргызстандыктар сууну ээн-эркин пайдалана алышат.

Баары биздин колго өтүп, жеңишке жетти дегенден алыспыз. 1 метр жерди дагы берген жокпуз» — деди Ташиев.

Жогорку Кеңештин комитети кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбоорун колдоду.
Комитет жыйынында келишимдин долбооруна 6 депутат «макул», 4 эл өкүлү «каршы» деп добуш берди.

Сүрөт: Видеодон

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты