Зеленский Запорожье АЭСиндеги өрттү АКШ жана Британия лидерлери менен талкуулады

  • 2 года мурун

Украинанын Президенти Владимир Зеленский АКШнын Президенти Жо Байден менен Запорожье АЭСиндеги өрттү талкуулады.

Ак үй Байден бул боюнча АКШнын өзөктүк коопсуздук министринин орун басары Жилл Хрубби менен да сүйлөшкөнүн кабарлады.

Бул арада Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон да АЭСтеги абал боюнча Зеленский менен сүйлөштү.

Жонсондун маалымат кызматы билдиргендей, Улуу Британия Запорожье АЭСиндеги аткылоого байланыштуу БУУнун Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын өткөрүүгө чакырды.

«Президент Путиндин акылга сыйбаган аракети азыр бүтүндөй Европанын коопсуздугуна түздөн-түз коркунуч жаратууда» деп айтылат премьер-министрдин билдирүүсүндө.

4-мартка караган түнү Энергобар шаарында жайгашкан Европадагы эң ири атомдук электростанцияга ракеталык сокку урулуп, өрт тутанганы маалым болгон.

Айрым маалыматтарга караганда, ракеталык сокку биринчи энергоблокко жана окуу-машыктыруу борборуна тийген. Ок атуу токтоп, өрттү өчүрүү иштери башталган.

Сүрөт: CCTV

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты