Зеленский: Гаага соту Кахов ГЭСиндеги жардырууну иликтей баштады

  • 1 год мурун

Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотунун өкүлдөрү Кахов ГЭСинин дамбасынын жарылышын иликтей баштады. Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский кечээ кечки кайрылуусунда билдирди.

«Бир күн мурда Эл аралык кылмыш сотунун өкүлдөрү Херсон облусуна барышты. Кырсыктан кийинки биринчи күнү эле Башкы прокурор бул катастрофаны иликтөө боюнча Эл арлык кылмыш сотуна тиешелүү кайрылуу жолдогон. Эми иш башталды. Алар орусиялык теракттын кесепеттерин өз көздөрү менен көрүп, орус террору уланып жатканын укканы абдан маанилүү. Суу каптаган аймакты уятсыздык менен аткылоо уланууда» деди президент.

Зеленский Эл аралык кылмыш сотунун тергөөсүнө көмөктөшүүгө убада берди.

6-июнга караган түнү Кахов ГЭСинин дамбасы жардырылган. Ал үчүн Киев менен Москва бири-бирин айыптап жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты