Өзбекстанда мугалимдерге отоо чөп жулдурган мектеп директоруна айып пул салынды

  • 1 месяц мурун

Наманган облусунун Пап районундагы №43 мектептин директору мугалимдерди окуу жайдын айланасын тазалап, отоо чөптөрдү жулууга мажбурлаган.

Бул тууралуу мугалимдер өздөрү Qalampir.uz басылмасына билдиришкен.

Алардын айтымында, бул тапшырманы аткаруудан баш тарткан мугалимдер 500 миң сумдан (40 доллар) төлөшү керек болгон.

Мындан тышкары директор мугалимдерден мектептин имаратын оңдоп жаткан жумушчулардын түшкү тамагы үчүн ата-энелерден 20 миң сумдан (1,5 доллар) чогултуп берүүнү талап кылган.

Бул маалыматтар боюнча Мамлекеттик эмгек инспекциясы текшерүү жүргүзүп, директордун аракеттери жумушчуларды өзүнүн кызматтык милдеттерине байланышы жок иштерге тартууга тыюу салган Эмгек кодексинин 5-беренесин жана Министрлер кабинетинин №349 токтомун бузганын аныктаган.

Жыйынтыгында директорго 17 миллион сум (1350 доллар) өлчөмүндө административдик айып пул салынды.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты