Өзбек элчилиги Курск, Брянск жана Белгород облустарындагы жарандарын сак болууга чакырды

  • 4 недели мурун

Өзбекстандын Орусиядагы элчилиги Курск, Брянск жана Белгород облустарындагы кырдаалга байланыштуу өзбек жарандарына кайрылып, өзгөчө зарылчылык болбосо көчөгө чыкпоону, коомдук жана адамдар көп топтолгон жерлерге барбоону сунуштады.

Бул тууралуу дипломатиялык өкүлчүлүктүн кайрылуусунда айтылат.

«Аталган аймактарда билим алып жаткан студенттерге мүмкүнчүлүк болсо убактылуу аралыктан окууга өтүү сунушталат» деп жазылган билдирүүдө.

6-август күнү эртең менен украин аскерлери Орусиянын Курск облусунун аймагына кирип, бир канча чакырым жерге алдыга жылышты. Расмий Киев Орусиянын чек аралаш аймактарында «коопсуздукту камсыз кылууга байланышкан маселелерди чечип жатканын» жана «ал аймактарды оккупациялап алууга кызыкдар эмес экенин» билдирген.

Сүрөт: Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты