Ысык-Көлгө чөгүп кеткен наристе 16 күндөн бери изделүүдө
- 2 года мурун
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ысык-Көлдө толкун алып кетип чөккөн наристени издөөгө бүгүн, 3-августта, жалпысынан 30 куткаруучу тартылганын билдирди.
Бүгүн алар көл жээктеринен, суу түбүнөн жана аймактарга бөлүнүп издешээри маалымдалды.
18-июлда саат 15:00 чамасында Тору-Айгыр менен Чырпыкты айылдарынын ортосунда 2018-ж.т. Н.А. аттуу кичине кыз толкун учурунда көлгө чөгүп кеткен.
Сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү