Ысык-Көлдө суу скутерине тыюу салган мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште жактырылды

  • 7 часов мурун

Бүгүн, 24-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Ысык-Көлдө суу скутерлерин колдонууга тыюу салган мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды.

Мыйзам долбоорун депутаттар Эльдар Сулайманов, Эльмурза Сатыбалдиев, Бактыбек Сыдыков, Марлен Маматалиев жана экс-депутат Нуржигит Кадырбеков демилгелеген.

Депутат Эльдар Сулайманов суу скутерлери маселеси көптөн бери айтылып келе жатканын, алардын айынан көлдө жыл сайын кырсыктар болорун билдирип, бул мыйзам долбоору ушуга тыюу салуу максатында иштелип чыкканын айткан.

«Анын ичинде өлүмдөр дагы болот. Ошондой эле скутерлер экологияга чоң зыян алып келе жатат»,- деген ал.

Мыйзам долбоору 67 депутаттын макулдугу менен биринчи окууда жактырылды.

Эске салсак, ушул жылдын 15-июлунда Ысык-Көлдө суу скутери казакстандык жаранды сүзүп кетип, ал 16-июлда ооруканада каза тапкан. Ал эми 31-августта Ысык-Көлдүн Чок-Тал айылында 35 жаштагы жаран скутер айдап жүрүп сууга чөгүп каза болгон. Ал эми мындан эки жума мурун, 16-июлда Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылындагы эс алуу жайларынын биринде жаранды суу скутери сүзүп кетип, каза болгон. Былтыр, 2023-жылы Чолпон-Атада скутер 3 адамды сүзүп кетип, анын экөөсү каза болуп калган эле.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты