Ысык-Көл: Селдин кесепеттерин жоюу иштерине 370 киши тартылды  

  • 3 недели мурун

Бүгүн, 25-августта, Ысык-Көл районунун Садыр-Аке айыл аймагында сел каптаган айылдарда тазалоо иштерин жүргүзүүгө өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамыркановдун жетекчилигинде жалпы 370 адам, 63 инженердик техника, 3 өрт өчүрүүчү унаа тартылды.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.   

Анын ичинен ӨКМден 362 куткаруучу, 14 инженердик техника, өрт очүрүүчү үч унаа, ал эми жарандык коргонуу кызматтарынан  8 киши, 4инженердик 49 техника жеринде иш алып барууда.

Селден улам Чолпон-Ата шаарында, Жети-Өгүз, Тоң, Ысык-Көл райондорунда өзгөчө кырдаал  жарыяланды.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты