Ысык-Көл: Садыр аке айыл өкмөтүндө сел кесепеттерин жоюу улантылууда  

Бүгүн, 20-августта, Ысык-Көл районунун Садыр аке айылында сел кесепеттерин жоюу иши улантылууда.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

ӨКМ аткарылган жумуштар боюнча мындайча маалымат берди:

“Садыр Аке айыл өкмөтүндө катталган сел боюнча саат 22:30га карата төмөнкүдөй жумуштар аткарылды.

ӨКМдин куткаруучулары 25 турак үй, жЖарандык коргонуу кызматтары 35 турак үй тактап айтканда, жалпысынан 60 турак үй сел калдыктарынан толук тазалашкан.

Ал эми баштапкы маалыматка караганда Ысык-Көл району боюнча 497 турак үй, бала бакча, ФАП, китепкана жабыркаган.

Селдин кесепеттерин жоюуга жалпы 738 адам, 59 атайын техника тартылган. Анын ичинен ӨКМден 341 куткаруучу иштеп, 7 инженердик техника, 4 мотопомпа тартылган.

Облустук жарандык коргонуу кызматтарынан 397 кызматкер жана 33 ХОВО, 16 жүктөгүч, 7 экскаватор, 3 ассенизатор чыгарылган.

Селден улам Чолпон-Ата шаарында, Жети-Өгүз, Тоң, Ысык-Көл райондорунда өзгөчө кырдаал  жарыяланды.

Ысык-Көл: Садыр аке айыл өкмөтүндө сел кесепеттерин жоюу улантылууда  
Ысык-Көл: Садыр аке айыл өкмөтүндө сел кесепеттерин жоюу улантылууда  
Ысык-Көл: Садыр аке айыл өкмөтүндө сел кесепеттерин жоюу улантылууда  
Ысык-Көл: Садыр аке айыл өкмөтүндө сел кесепеттерин жоюу улантылууда  
Ысык-Көл: Садыр аке айыл өкмөтүндө сел кесепеттерин жоюу улантылууда  
Ысык-Көл: Садыр аке айыл өкмөтүндө сел кесепеттерин жоюу улантылууда  

Сүрөттөр: ӨКМ

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты