Ысык-Көл районунда сел калдыгы тазаланууда

  • 4 недели мурун

Ысык-Көл районун сел калдыгынан тазалоо улантылууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматы боюнча, Ысык-Көл районунда селдин кесепетин жоюу боюнча саат 20-август күнү саат  23:00гө жалпы 1058 адам иштеп, атайын 85 техника тартылган. Анын ичинен өзгөчө кырдаалдар министрлигинен (ӨКМ) 395 куткаруучу, 7 инженердик техника, 8 мотопомпа, ал эми жарандык коргонуу кызматтарынан 336 кызматкер жана 47 инженердик техника 4 ассенизатор иштетилди.

Ошондой эле Садыр-Аке айыл аймагынан 300 ыктыярчы, «Чайна-Роуд” ишканасынан 27 инженердик техника, 27 айдоочусу тартылып, тазалоо иш-чараларын жүргүзүшкөн. Жалпы 99 үй тазаланган.

Эки күндүн ичинде 159 үй сел калдыктарынан толук тазаланган. Кеч киргендигине байланыштуу 21-август күнү улантылат.

Селден улам Чолпон-Ата шаарында, Жети-Өгүз, Тоң, Ысык-Көл райондорунда өзгөчө кырдаал  жарыяланды.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты