Ырчы, активист Аскат Жетигендин соту 1-июлда улантылат

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 25-июнда, Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда ырчы, активист Аскат Жетигендин соту болду. Сот 1-июлда улантылат.

Сотто Аскат Жетиген акыркы сөзүндө кайрылууларында массалык баш аламандыкка, бийликти басып алууга чакырыктар болбогонун билдирди.

Аскат Жетигенге коюлган 327-берене, бийликти басып алууга чакырык боюнча — 4 жыл, 278-берене, массалык башаламандыктарга чакырык боюнча — 6 жыл, кыскартып жана жалпылап, 8 жыл эркинен ажыратууну суранды.

Аскат Жетиген УКМК 16-мартта Кочкор районунан кармап, Бишкек шаарына алып келинген. Коомдо анын кармалышы катуу талкууланып, бошотуу талабы коюлган. 18-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошоткон.

20-мартта УКМК Аскат Жетигенге иш козгогон. Ушул эле күнү Биринчи Май райондук соту аны 19-майга чейин камакка алуу тууралуу чечим чыгарган.

Учурда Аскат Жетигенге эки кылмыш иши ачылган: биринчиси — 2020-жылы март айында жасалган видео кайрылууга байланыштуу кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“бийликти басып алууга чакырык жасоо”) менен, экинчиси — быйыл 15-мартта жасаган видео кайрылуудан кийин 278-беренесинин 3-бөлүгү (“Массалык башаламандыктарга чакырык») менен козголгон.

Сүрөт: «ПолитКлиника». 25-июнь 2024-жыл.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты