«Яндекс. Такси» компаниясы ага коюлган айып боюнча жооп берди
- 2 года мурун
«Яндекс. Такси Корп» компаниясы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тарабынан ири өлчөмдө салык төлөөдөн качуу фактысы боюнча козголгон кылмыш иши тууралуу 24.kgге маалымат берди.
Маалыматта айтылгандай, аталган компания бул айыптоолорго макул эместигин, Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык иштээрин жана салыктарды толугу менен төлөөрүн билдирген.
«2023-жылы «Яндекс» Кыргызстанда 328 миллион сомдон ашык салык төлөсө, 2024-жылдын алты айында 222 миллион сомдон ашык салык төлөгөн»,- деп билдиришкен компаниядан. Ошондой эле 2023-жылы Салык кызматы «Яндекс. Такси Корпту» Кыргызстандагы эң мыкты салык төлөөчү деп тапканын кошумчалашкан.
«Бизге Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан ар кандай суроо-талаптар дайыма келип турат, аларды мыйзамда белгиленген тартипте иштеп чыгабыз. Ачык кызматташуу ниетибизди ырастоо үчүн Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы менен биргеликте тиешелүү меморандумга кол коюлган. Кыргызстанда бул кызматты пайдалануу акысы 10 пайызды түзөт, ал эми борбор шаарда жогорулатылган тарифтерде КНС менен салыктарды кошкондо 17 пайыздан ашпайт. Кызматтын акысы өлкөдө 2023-жылдын февраль айынан бери өзгөргөн жок», — деп маалымдаган «Яндекс. Такси».
Ошондой эле компания кызмат акыдан түшкөн каражаттын көп бөлүгүн Кыргызстанда инвестицияга, ар кандай социалдык жана билим берүү тармагындагы долбоорлорго жумшаарын билдирген.
«Компания ишмердүүлүгүн улантат жана укуктук коргонууну ишке ашырарын жана өзүнүн аброюн бардык жолдор менен коргой турганын билдирди»,- деп жазды 24.kg.
Эске салсак, 29-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) «Яндекс. Такси Корп» компаниясынын кеңсесинде тинтүү жүргүзгөнүн аталган кызмат бүгүн, 30-ноябрда кабарлады. Маалымат боюнча тинтүү өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн качуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн.
«Яндекс. Такси Корп» жана анын өнөктөштөрү Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан бир нече жолу көрүлгөн чараларга карабастан, жеке ташуу (такси) менен алектенген автомашиналардын айдоочуларына пайыздык чендерди негизсиз жогорулатышкан. Буга байланыштуу такси кызматынын баасы жасалма түрдө жогорулатылып жатат»,- деп билдирген УКМК.
Сүрөт: интернет булактары




