Wildberries Кыргызстанда ишин үзгүлтүксүз улантары айтылды

  • 11 месяцев мурун

Wildberries компаниясы Кыргызстанда ишин токтотпой турган болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы социалдык тармактагы расмий баракчасында билдирди.

Буга чейин мекеме Соода-өнөр жай палатасынын башчысы Темир Сариев Wildberries ишканасынын өкүлү Максим Губанов менен жолугушканын, компания Кыргызстанда эки аптага ишин токтотконун кабарлаган. Буга Казакстан Wildberries ишканасынан айрым документтерин берүүнү талап кылып жатканы негиз болгону айтылган.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстан Wildberries ишканасы менен күнүнө 25 миң доллардан ашык каражатка беш тоннадан ашык товар жөнөтөт. Товарларды аба каттамы жана темир жол аркылуу ташуу жолдору да каралып жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты