Wildberries Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн убактылуу токтотту 

  • 11 месяцев мурун

Wildberries электрондук базары Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн убактылуу токтотту. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматы билдирди.

Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Темир Сариев Wildberries компаниясынын өкүлү Максим Губанов менен жолугуп, аталган платформа аркылуу Кыргызстандан товарларды ташууга байланышкан олуттуу көйгөйлөрдү талкуулады.

Маалыматка ылайык, ишкана Кыргызстандан товар ташууну эки жумага токтотту. Буга казак тараптын айрым документтерди көрсөтүү талабы себеп болгон.

«Күн сайын Wildberries 5 тоннадан ашык товар жөнөтөт, жалпы суммасы 25 миң доллардан ашат жана бул башталышы гана. Мындай жагдай бул платформа аркылуу иштеген кыргызстандыктардын кирешесине олуттуу таасир этиши мүмкүн», — деп айтылат маалыматта.

Жолугушууда аба каттамы жана темир жол аркылуу товарларды жөнөтүү сунуштары берилди. Бул варианттардын баары кылдат изилденет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты