Wildberries компаниясынын негиздөөчүсү кыз кезиндеги Ким аттуу фамилиясына кайтты

  • 2 недели мурун

Wildberries компаниясынын негиздөөчүсү, Татьяна Бакальчук күйөөсүнүн фамилиясынан баш тартып, кайра кыз кезиндегидей, Ким аттуу фамилиясына кайтты.

Бул тууралуу ал телеграм-каналына билдирди.

“Мыкты тандоо – өз калыбыңда калуу”. “Силердин Татьянаңар кайрадан — Ким” (бүгүнтөн баштап) деп жазды ал.

18-сентябрда Кремлдин жанында, 900 метрде, “Романов- двор” бизнес борборунда жайгашкан Wildberries компаниясынын кеңсесинде атышуу болгон. Анда кеңсеге Владислав Бакальчук мыйзамсыз кирүүгө аракет кылганын компаниянын басма сөз кызматы билдирген. Маалымат каражаттары бул атышуудан 2 киши каза болуп, ондогон адам жабырланганын жазып чыгышкан.

19-сентябрдын кечинде Москванын Басман райондук соту Wildberries компаниясынын кеңсесинде болгон, 2 адамдын өмүрүн алган жаңжалдын катышуучуларын камай баштаган. Бул тууралуу «Свобода» радиосу маалымдады.

Маалыматка ылайык, 19-сентябрдын кечинде 6 адам камалган. «Свобода» РБКга шилтеме жасап, тергөө кеңседеги атышуу окуясы боюнча 27 адамды камоону талап кылып жатканын жазды.

Ошондой эле «Свобода» радиосу адвокаттар таянып, Wildberries компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Владислав Бакальчуктун кармалганын маалымдады. Андан кийин Владислав Бакальчук үй камагына чыгарылган.

Сүрөт: forbes.ru

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты