Владислав Бакальчук Wildberries менен мурдагы аялына каршы доо арыз жазды

  • 3 дня мурун

Wildberries компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Владислав Бакальчук «РВБ» ЖЧКсына, Wildberriesке жана мурдагы аялы Татьяна Кимге (Бакальчук) каршы 350 млрддан ашык рублга доо арыз жазды. Бул тууралуу Бакальчук өзүнүн Телеграм каналына жазды.

«Бул доо арыз «Wildberries» ЖЧКсынан «РВБ» ЖЧКсына туунду компанияларды жана Wildberries домендик аталышын өткөрүп берүү боюнча бардык келишимдерге тиешелүү. Бул жөн эле формалдуулук эмес, сөз менин макулдугумсуз ээликтен ажыратылган компаниянын негизги активдерине көзөмөлдү кайтарып берүү жөнүндө болуп жатат»,-деп жазган Бакальчук билдирүүсүндө.

Бакальчук Wildberriesтин активдери «РВБ» ЖЧКсынын колуна өткөн келишимдер ачык мыйзам бузуулар менен жасалганын айтып, мыйзамсыз өткөн активдердин суммасы 350 миллиард рублдан ашарын белгилеген. Буга кампалар, логистикалык объекттер, жүк ташуучу унаалар, Wildberries банкы, соода маркалары, программалык камсыздоо, веб-сайт жана көптөгөн жылдар бою түзүлгөн башка нерселер экендигин айткан.

Владислав Бакальчук өзүн компаниянын негиздөөчүлөрүнүн бири катары атап, азыр компанияда ансыз жүрүп жаткан «кайра уюштуруу» иштери укуктук күчкө ээ эместигин жазган.

Эске сала кетсек, 18-сентябрда Кремлдин жанында, 900 метрде, “Романов- двор” бизнес борборунда жайгашкан Wildberries компаниясынын кеңсесинде атышуу болгон. Анда кеңсеге Владислав Бакальчук мыйзамсыз кирүүгө аракет кылганын компаниянын басма сөз кызматы билдирген. Маалымат каражаттары бул атышуудан 2 киши каза болуп, ондогон адам жабырланганын жазып чыгышкан.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты