Ветеринардык кызматтын Бишкек башкармалыгынын  эсепчиси кармалды

  • 1 месяц мурун

Кечээ, 25-июлда,  40 миң сом өлчөмүндөгү паранын бир бөлүгүн алуу учурунда суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу ветеринардык кызматтын Бишкек башкармалыгынын  эсепчиси М.Н.С. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынын (УКМК) маалыматында айтылгандай, эсепчи пара опузалоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалды.

Көрсөтүлгөн акча каражаттары жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча оң корутунду чыгаруу максатында кийин эсептөө палатасынын кызматкерине өткөрүп берүүгө арналгандыгы аныкталды.

Аталган кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу иштери жүрүп жаткандагы айтылды.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты