УТРКнын жаңы логотиби боюнча маселе кайра каралат

  • 2 года мурун
УТРКнын жаңы логотиби боюнча маселе кайра каралат

УТРКнын жаңы логотиби боюнча маселени коллегиялык кеңеш карап чыгат. Бул тууралуу УТРКны таанытуу бөлүмүнүн башчысы Чынара Капарова «ПолитКлиника» медиасына билдирди.

«Октябрь айында Улуттук биринчи канал логотибин иштеп чыгуу боюнча расмий сынак жарыялаган. Сынак социалдык тармактар, УТРК аркылуу жарыяланып, 20га чукул эмгек келип түшкөн. Комиссия тарабынан конкурска келген эмгектер жактырылган эмес. Дизайн жана эфирди жасалгалоо студиясына Улуттук биринчи каналдын логотибин жасоо боюнча тапшырма берилген. Алар 3 вариантты сунуштаган. 14 адамдан турган коллегиялык кеңеш, биздеги көркөм кеңеш сунушталган 3 варианттын арасынан бүгүнкү логотип тандалып алынып, эфирге бериле баштаган. Белгилеп кетсек, корпорациянын логотибин иштеп чыгууга сынак жарыяланганда бир дагы тыйын сарпталган эмес. Анткени сынактын жеңичүүсү болгон эмес да. Бул логотип башка телеканалдыкына окшошуп калгандыгы боюнча жыйын өтүп, бул маселе коллегиянын кароосуна киргизилди. Жакынкы карада коллегиялык кеңеш логотип маселесин карап чыгат», — деди Чынара Капарова.

“ПолитКлиника” медиасы УТРКнын жаңы логотибин антиплагиатка текшерип көрдү. Анда Кыргызстандын “Улуттук биринчи каналы” жаңы логосун Афганистандын 1TV каналынан плагиат кылып алганы чындык экени жазылган. Муну менен Улуттук телерадиоберүү корпорациясы журналисттик этиканы жана автордук укукту бузганы аныкталган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты