УТРК Тынчтык Алтымышевдин Фейсбуктагы билдирүүсүн көчүрүп алганы айтылды. Текшеребиз

Журналист Канышай Мамыркулова Фейсбуктагы баракчасына УТРКнын “Садыр Жапаров менен Акылбек Жапаровдун иш графиги же бир күндө 8 иш чара, 3 облус” деген материалы тууралуу пикирин жазды. Анда ал УТРК журналист Тынчтык Алтымышевдин Фейсбуктагы постун көчүрүп алганын билдирген.

УТРК Тынчтык Алтымышевдин Фейсбуктагы билдирүүсүн көчүрүп алганы айтылды. Текшеребиз

“ПолитКлиника” медиасы Канышай Мамыркулова жазган маалыматты текшерип көрдү.

Тынчтык Алтымышев эмне жөнүндө жазган?

Журналист Тынчтык Алтымышев өзүнүн Фейсбук баракчасына 6-апрель күнү саат 8:16да президент Садыр Жапаров менен министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун иш графиги тууралуу билдирүү жарыялаган.

“Мурда Путин эртең менен Владивостокто, түштө Байкалда, кечке жуук Казанда жүрүп келип, түндө Москвада чет өлкөнүн президентин кабыл алып салганын көрүп оозду аччу элек. Биздин экс-президенттерди, экс-премьерлерди резиденциядан чыгара албай куурап…

Азыр ал реалдуулук бизге жетти. Буга Өкмөт башчы Акылбек Жапаровдун кечээки сапарларын карап отуруп ынандым. Азыр президент дем алышсыз, премьер-министр тынымсыз иштегенин көрүп кубанбай да койбойт экенсиң бир чети. Бул аракеттер бүгүн болбосо да эртен результатын сөзсүз берсе керек”, — деп жазган Алтымышев.

УТРК Тынчтык Алтымышевдин Фейсбуктагы билдирүүсүн көчүрүп алганы айтылды. Текшеребиз

Эми УТРКнын материалын карап көрөлү

УТРКнын Фейсбуктагы баракчасына 6-апрелде саат 22:08де “Садыр Жапаров менен Акылбек Жапаровдун иш графиги же бир күндө 8 иш чара, 3 облус” деген аталыштагы видео материал чыкты. Тынчтык Алтымышевдин постунан кийин 14 сааттан кийин чыккан УТРКнын материалында айрым сөздөр гана алмашкан. Мисалы, Алтымышевдин “оозду аччу элек” деген сөзү “таң каларлык эле” деп, “бизге” дегени “Кыргызстанга”, “өкмөт башчы” “министрлер кабинетинин төрагасы” деген сөздөргө алмаштырылган. Видео материалда ушул сымал айрым сөздөр гана алмаштырылганы менен калган тексттин баары Тынчтык Алтымышевдин постунан алынганы көрүнүп турат. Бирок УТРК материалында Тынчтык Алтымышевге шилтеме берген эмес. Телеканалдын бул видео материалына Алтымышев “Килейген КТРдин ишине жараганыма курсантмын! Эмне кетип атты эле” деп комментарий жазып кеткен.

УТРК Тынчтык Алтымышевдин Фейсбуктагы билдирүүсүн көчүрүп алганы айтылды. Текшеребиз

УТРК журналисттик этиканы жана  “Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө” мыйзамын бузду

Кыргыз Республикасынын Журналисттеринин этикалык кодексинин 21-беренесинде журналист плагиат кылбашы керек экени жазылган. Анда журналист кандай гана маалымат болбосун алынган булакка шилтеме берилиши керек экени көрсөтүлгөн. 

Кыргыз Республикасынын “Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө” мыйзамынын 19-беренесинде автордун макулдугусуз жана автордук сый акы төлөбөстөн туруп анын эмгегин колдонууга болбой турганы жазылган. Ушул эле мыйзамдын 48-беренеси боюнча автордук укук бузулса граждандык, кылмыш-жаза жана административдик жоопкерчиликке тартылат.

Эске салсак, “ПолитКлиника” медиасы УТРКнын жаңы логосу Афганистандын биринчи каналынан көчүрүлгөнүн аныктап чыккан. Мындан тышкары,  УТРКнын кээ бир маалыматтарды манипуляция кылганын буга чейин да бир канча жолу аныкталган.

Жыйынтык: УТРК журналист Тынчтык Алтымышевдин Фейсбук баракчасына жазган билдирүүсүн авторду көрсөтпөстөн көчүрүп алган. Муну менен телеканал журналисттик этиканы жана  “Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө” мыйзамын бузду.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты