#Детектор: Бозгундагы президент Бакиевдин маеги “Маданият, тарых, тил” каналынын берүүсүнө даярдалганбы? 

15-майда Кадыр Кошалиев аттуу журналисттин Кыргызстандын бозгундагы президенти Курманбек Бакиевден алган маеги “Акыркы кабарлар — Санжар Калматай” жана “Компромат КГ” Ютуб-каналдарында жарыяланды. Аталган маекти социалдык тармактардагы бир катар баракчалар бөлүшүп жатышат. 

Эми маек жарыяланган берүүгө келе турган болсок, бир кызыктуу жагдайды байкадык. Берүүнүн аталышы “Кыргыз Ааламы” деп аталат. Маекти алып барып жаткан журналист Кадыр Кошалиев.

 

#Детектор: Бозгундагы президент Бакиевдин маеги “Маданият, тарых, тил” каналынын берүүсүнө даярдалганбы? 

Улуттук телерадио корпорациясына караштуу “Маданият, тарых, тил” телеканалы 2022-жылы 10-мартта жаңы долбоор деп, дал ушундай аталышта эле, “Кыргыз Ааламы” деген берүүнү баштаган. Кызыгы, анын алып баруучусу дагы Кадыр Кошалиев болгон. Ошондой эле, берүүнүн башындагы 13 секунддук киришүү бөлүгү дагы Бакиевдин маегиндеги киришүүгө окшош. 

Курманбек Бакиевдин маеги

“Маданият, тарых, тил” телеканалынын «Кыргыз Ааламы» берүүсү

“Кыргыз Ааламы” берүүсүнүн алгачкы чыгарылышында алып баруучу Кадыр Кошалиев “кыргыз элинин дөөлөт мурастарын, руханий жана материалдык баалуулуктарын, улуттук иденттүүлүктүн негизинде иликтеп-изилдеп, даңазалап, элден алып, элге берүүнү максат эттик” деп айткан.

Мындан сырткары, ал “Кыргыз Ааламы” берүүсү УТРКнын “Маданият” телеканалына тиешелүү экенин да белгилеп кеткен. УТРКнын сайтындагы маалыматта “Президент Садыр Жапаров сунуштаган «Кыргыз Ааламы» улуттук программасынын алкагында Коомдук телерадио корпорациясынан «Кыргыз Ааламы» теледолбоору көрсөтүлө баштайт. Долбоор жумасына бир жолу 60 мүнөт кечки эфирден чыгат. Программанын автору Кадыр Кошалиев”, — деп жазылган.  

#Детектор: Бозгундагы президент Бакиевдин маеги “Маданият, тарых, тил” каналынын берүүсүнө даярдалганбы? 

Ал берүү “Маданият” телеканалына акыркы жолу 2023-жылдын февраль айында жарыяланган.  

#Детектор: Бозгундагы президент Бакиевдин маеги “Маданият, тарых, тил” каналынын берүүсүнө даярдалганбы? 

Маектешкен Кадыр Кошалиев деген ким? 

Кадыр Кошалиев — Биринчи элдик курултайдын төрагасы болгон. Ал “Кыргыз жолу” бириккен руханий коомунун да төрагасы. 

Маекте дагы бир көңүл бурдурган жагдай, журналист кириш сөзүн “Саламатсыздарбы, урматтуу телекөрүүчүлөр! Эфирде кайрадан “Кыргыз Ааламы” телекөрсөтүүсү. Буга чейин эгемендүүлүк алгандан кийинки алгачкы президентибиз Аскар Акаевич менен маегибиз жакында эле эфирге кетти. Бүгүн ошол саясий бийликтин эстафетасын колуна алып, андан кийин өлкөбүздү тагдырга жараша башкарган Курманбек Салиевич менен Минскиде жолугушуп отурабыз”, — деп баштаган.

Бул жагдай боюнча УТРКнын өзүнө байланышууга аракет кылдык. Бирок жооп ала алган жокпуз. 

Курманбек Бакиевге козголгон кылмыш иштери

Кыргызстанды 2005-жылдан 2010-жылга чейин башкарган Курманбек Бакиев 2010-жылдын апрелиндеги элдик толкундоолордон кийин өлкөдөн чыгып кетип, ошондон бери үй-бүлөсү менен Беларустун борбору Минскиде баш калкалап келет. 

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, анын жеке өзүнө жана жакындарына каршы онго жакын факты боюнча айып тагылган. 

Курманбек Бакиевге карата 2014-жылдын июнь айында  мүлкүн мамлекеттин пайдасына алуу менен өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмү чыккан. Бишкек аскердик соту аны 2010-жылдын 7-апрелиндеги революция маалында 87 адамды атууга күнөөлүү деп тапкан.

Арадан эки жыл өткөндөн кийин 2016-жылы Жогорку сот мурдагы президент Курманбек Бакиевге карата мурда чыгарылган өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн 30 жылдык жаза мөөнөтүнө өзгөрткөн. Жогорку сот бул чечимин Кылмыш-жаза кодексинин 50-беренесине ылайык, алтымыш жашка чыккан адамдар өмүр бою эркинен ажыратылбайт деген нормага таянып чыгарган.  

Башкы прокуратура 2021-жылы 4-августунда мурдагы президент Курманбек Бакиев Кыргызстандын аймагына келсе же укук коргоо органдары тарабынан алынып келинсе, 2016-жылдын 29-июлундагы соттун өкүмүнүн негизинде токтоосуз камакка алына турганы тууралуу билдирүү тараткан. 2023-жылы 17-январда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы Курманбек Бакиевдин Кыргызстанга келсе, токтоосуз камала турганын “Кактус.кж” басылмасына дагы бир жолу ырастаган. 

Ал эми маектеги манипуляция, кастык тили жана журналисттин этикасы тууралуу өзүнчө айтып беребиз.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты