Ушул жылы Кытайдан Кыргызстанга канча электромобиль киргени айтылды

  • 4 недели мурун

Акыркы сегиз айда жалпы баасы 165,9 млн долларды түзгөн 4 миң 815 электромобиль Кыргызстанга кирген. Бул тууралуу Kaktus.kg Кытайдын Башкы бажы башкармалыгынын берген маалыматтарына таянып, жазды.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын август айында Кытай электромобилдердин Кыргызстанга болгон экспортун өстүргөн. «Алсак, август айында Кыргызстанга 578 электромобил (18,5 млн доллар) импорттолсо, июлда – 519 (12,8 млн доллар), июнда – 384 (7,2 млн доллар) импорттолгон»,- деп айтылат маалыматта.

Ал эми былтыркы жылы Кыргызстанга Кытайдан 429,2 миллион долларга 10 миң 458 электромобиль импорттолгону белгилүү болду.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты