Урматбек Самаев Токмок шаарынын мэри кызматынан бошотулду

  • 1 год мурун
Урматбек Самаев Токмок шаарынын мэри кызматынан бошотулду

Урматбек Самаев Токмок шаарынын мэри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Чүй облусунун Токмок шаарынын мэри Урматбек Самаев берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду.

Урматбек Самаевди УКМК “Токмок жылуулук” муниципалдык ишканасындагы коррупцияга байланыштуу 17-апрелде кармалган. Ал 25 млн сом кенемте төлөп, тергөө абагынан бошотулган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты