Улуу Британияда Би-Би-Си комментаторунун үй-бүлөсү өлтүрүлдү

  • 2 месяца мурун

Улуу Британияда Би-Би-Синин комментатору Жон Ханттын жубайы жана эки кызы арбалет менен өлтүрүлдү.

Окуя алардын Лондондогу Буши паркынын жанындагы үйүндө болгон.

Ханттын жубайы 61 жашта, кыздары 25 жана 28 жашта эле.

Полиция кылмышка шектүү 26 жаштагы Кайл Клиффордду издеп жатат. Тергөөчүлөрдүн божомолуна караганда, бул атайын жасалган кылмыш болушу мүмкүн. Кол салган адам арбалеттен тышкары дагы башка курал колдонгон болушу ыктымал. Кол салуунун себептери иликтенип жатат.

Күбөлөр окуя болгон аймакта мектептердин бардык эшиктери тосулганын, ал эми балдар имараттын ичинде коопсуз экенин айтышты.

Би-Би-Си Британиянын ички иштер министрлиги арбалеттер боюнча мыйзамды катаалдаштырууну карап жатканын эске салат. Министрликтин маалыматы боюнча, 2011-2021-жылдар аралыгында бул курал менен 10го жакын киши өлтүрүү учуру катталган.

Сүрөт: AFP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты