Улуу Британия тышкы иштер министри журналисттерге каршы азыркы сот  чечимине көңүл бурду  

  • 9 часов мурун

15-октябрда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Улуу Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Лэмми 15-октябрда телефон аркылуу сүйлөштү.

Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-британ мамилелеринин, атап айтканжа, саясий, экономикалык, инвестициялык чүйрөлөрдөгү, ошондой эле энергетика, экология, климаттын өзгөрүүсү боюнча өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.

Улуу Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Лэмми журналисттерге каршы акыркы сот чечимине көңүл бурду.

Өз кезегинде Министр Жээнбек Кулубаев мындай чечимди бийликтин көз карандысыз бутагы болгон сот органдары кабыл алганын белгиледи.

Сүйлөшүүнүн соңунда тышкы иштер министрлери саясий байланыштарды улантуу жана өз ара сапарларды уюштуруу жаатында ишти улантуу боюнча өз ара макулдашты.

Сүрөт: ТИМ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты