Улан Сарбанов Өнүктүрүү банкынын жетекчилигине дайындалышы боюнча: «Уктум, бирок эч кандай кагаздарды көргөн жокмун»

  • 1 год мурун
Улан Сарбанов Өнүктүрүү банкынын жетекчилигине дайындалышы боюнча: «Уктум, бирок эч кандай кагаздарды көргөн жокмун»

Улан Сарбанов Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын жетекчиси болуп дайындалганын «Акчабар» сайты өздүк булагына таянып жазды.

Улан Сарбанов «ПолитКлиника» медиасына бул тууралуу маалыматты укканын айтты.

«Эч кандай кагаздарды көргөн жокмун. Бирок маалыматты уктум. Расмий маалымат болсо Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын басма сөз кызматы билдирет», — деп жооп берди.

Эске салсак, 29-мартта “ПолитКлиника” медиасы «Мегакомду» Максим Бакиевдин жакындары башкарууну көздөп жатышат» деген аталыштагы иликтөө чыгарган. Анда аталган компанияны Мамлекеттик өнүктүрүү банкына сатуудагы күмөндүү жагдайлар боюнча айтылган. Иликтөөдө компания Евгения Судец жетектеген мекемеге өтөрү, анын жолдошу Владимир Андросиктин Максим Бакиев менен болгон байланышы тууралуу сөз болгон.

Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Жанарбек Акаев Евгения Судец өзүнө 1 миллион сом айлык коюп алганын айтып чыккан. 

Евгения Судец өз каалоосу менен аталган кызматтан кеткен.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты