Украинадагы кырдаал. Качкындардын саны 377 миңден ашты

  • 3 года мурун

Украиндагы аскер операциясы башталгандан бери Польшага Украинадан 377ден ашык качкы келди. Бул тууралуу Украинанын чек ара кызматы Твиттерде билдирди.

“24 февралдан баштап Украинадан  менен чектеш жерден өлкөдөн качкан 377,4 миң адам өткөрүлдү” деп билдирди чек ара кызматы.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин «Донбасстагы калкты коргоо» тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирген. Беш күндөн бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда.

Украиналык маалымат каражаттары Орусиянын аскердик кол салуусунан 352 украиналык тургун каза болгонун, алардын үчөө жаш балдар экенин жазды. Окуянын алгачкы күнү Киев 137 аскери курман болгонун маалымдаган, андан кийинки жагдай азырынча белгисиз.

Мунун алдында Украинанын коргоо министрлиги Орусиянын армиясынын жоготуулары 5300 жоокерди түзөрүн маалымдаган. Бул категориянын ичинде өлгөндөр, колго түшкөндөр, жарадарлар кошо санала турганын ырастаган.

Орусия каза тапкан же жараат алган аскерлери бар экенин моюнуна алганы менен алардын санын айта элек. Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын 1000ге жакын аскердик объектисин талкалаганын гана маалымдады.

Украинанын айланасындагы кырдаал боюнча украин жана орус делегацияларынын 28-февралда сүйлөшүүлөрүнүн биринчи раунду аяктады.

Сүрөт: УНИАН

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты